الشمس
The Sun • 15 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Күн жана анын жарыгына ант!
2Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант!
3Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант!
4Жана аны ороп кала турган түнгө ант!
5Асманга жана аны (бекем) курганга[1] ант!
6Жерге жана аны жайганга ант!
7Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант![1]
8Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду.
9Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет.
10Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.[1]
11Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды.
12Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду.
13Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди.
14Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды![1]
15Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт.