الأعلى
The Most High • 19 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
2Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.
3Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.
4Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,
5андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.
6(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.
7Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.
8Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.[1]
9Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.
10(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.
11Шордуу адам болсо андан качат.
12Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.
13Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!
14Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!
15Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).
16Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!
17Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!
18Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.
19Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.