الغاشية
The Overwhelming • 26 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1(Оо, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?[1]
2Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт).
3(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда...
4кызыган отко кирет!
5(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!
6Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок![1]
7(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!
8Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат-куунак!
9(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш-аракеттерине ыраазы!
10Жогорку бейиште!
11Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.
12Анда агып тураган булактар,
13бийик сөрүлөр,
14(ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,
15сап-сап тизилген жаздыктар
16жана төшөлгөн килемдер бар!
17Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына?!
18Асмандын кандай көтөрүп коюлганына...,
19Тоолордун кандай сайып коюлганына...,[1]
20Жана жердин кандай жайып коюлганына?[1]
21(Оо, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң![1]
22Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!
23Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,
24аны Аллах чоң азапка салат!
25Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат.
26Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!