Al-Fajr

الفجر

The Dawn30 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلۡفَجۡرِ﴿١

1Таңга ант!

وَلَيَالٍ عَشۡرٖ﴿٢

2Он түнгө ант!

وَٱلشَّفۡعِ وَٱلۡوَتۡرِ﴿٣

3Жуп менен такка ант!

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَسۡرِ﴿٤

4Жана өтүп жаткан түнгө ант![1]

هَلۡ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٞ لِّذِي حِجۡرٍ﴿٥

5Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!

أَلَمۡ تَرَ كَيۡفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ﴿٦

6Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!

إِرَمَ ذَاتِ ٱلۡعِمَادِ﴿٧

7Түркүктүү Ирамды[1] (эмне кылганынчы?)

ٱلَّتِي لَمۡ يُخۡلَقۡ مِثۡلُهَا فِي ٱلۡبِلَٰدِ﴿٨

8Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле.[1]

وَثَمُودَ ٱلَّذِينَ جَابُواْ ٱلصَّخۡرَ بِٱلۡوَادِ﴿٩

9Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)

وَفِرۡعَوۡنَ ذِي ٱلۡأَوۡتَادِ﴿١٠

10Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)

ٱلَّذِينَ طَغَوۡاْ فِي ٱلۡبِلَٰدِ﴿١١

11Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен.

فَأَكۡثَرُواْ فِيهَا ٱلۡفَسَادَ﴿١٢

12жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.

فَصَبَّ عَلَيۡهِمۡ رَبُّكَ سَوۡطَ عَذَابٍ﴿١٣

13Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды.

إِنَّ رَبَّكَ لَبِٱلۡمِرۡصَادِ﴿١٤

14Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.

فَأَمَّا ٱلۡإِنسَٰنُ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ رَبُّهُۥ فَأَكۡرَمَهُۥ وَنَعَّمَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَكۡرَمَنِ﴿١٥

15Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт.

وَأَمَّآ إِذَا مَا ٱبۡتَلَىٰهُ فَقَدَرَ عَلَيۡهِ رِزۡقَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّيٓ أَهَٰنَنِ﴿١٦

16Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт.

كَلَّاۖ بَل لَّا تُكۡرِمُونَ ٱلۡيَتِيمَ﴿١٧

17Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!

وَلَا تَحَٰٓضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ﴿١٨

18Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!

وَتَأۡكُلُونَ ٱلتُّرَاثَ أَكۡلٗا لَّمّٗا﴿١٩

19Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!

وَتُحِبُّونَ ٱلۡمَالَ حُبّٗا جَمّٗا﴿٢٠

20Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!

كَلَّآۖ إِذَا دُكَّتِ ٱلۡأَرۡضُ دَكّٗا دَكّٗا﴿٢١

21Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде

وَجَآءَ رَبُّكَ وَٱلۡمَلَكُ صَفّٗا صَفّٗا﴿٢٢

22жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде...,

وَجِاْيٓءَ يَوۡمَئِذِۭ بِجَهَنَّمَۚ يَوۡمَئِذٖ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكۡرَىٰ﴿٢٣

23Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!

يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي قَدَّمۡتُ لِحَيَاتِي﴿٢٤

24(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.[1]

فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدٞ﴿٢٥

25Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.

وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدٞ﴿٢٦

26Аллах байлагандай эч ким байлай албайт![1]

يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفۡسُ ٱلۡمُطۡمَئِنَّةُ﴿٢٧

27Оо, тынч – бейпил жан!

ٱرۡجِعِيٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةٗ مَّرۡضِيَّةٗ﴿٢٨

28(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.

فَٱدۡخُلِي فِي عِبَٰدِي﴿٢٩

29Менин (жакшы) пенделериме кошулгун.

وَٱدۡخُلِي جَنَّتِي﴿٣٠

30жана Менин бейишиме киргин!

RELATED SURAHS