الفاتحة
The Opening • 7 ayahs • Meccan
1Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).
2Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун![1]
3Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.
4Кыямат Күндүн падышасы.
5Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз! [1]
6(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын! [1]
7Өзүң жакшылык берген адамдардын[1] жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын[2] жолуна эмес.