Al-Balad

البلد

The City20 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ﴿١

1Ушул шаарга ант!

وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ﴿٢

2Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.

وَوَالِدٖ وَمَا وَلَدَ﴿٣

3(Адам)-Атага жана урпактарга ант!

لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ﴿٤

4Биз инсанды машакатка жараттык.[1]

أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٞ﴿٥

5(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?

يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالٗا لُّبَدًا﴿٦

6Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.

أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ﴿٧

7Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?

أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ﴿٨

8Биз ага эки көз бербедикпи?

وَلِسَانٗا وَشَفَتَيۡنِ﴿٩

9Тил жана эки эрин бербедикпи?!

وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ﴿١٠

10Жана Биз аны эки жолго багыттадык.[1]

فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ﴿١١

11Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ﴿١٢

12(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.

فَكُّ رَقَبَةٍ﴿١٣

13(Оор жол – бул) кул азат кылуу

أَوۡ إِطۡعَٰمٞ فِي يَوۡمٖ ذِي مَسۡغَبَةٖ﴿١٤

14же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –

يَتِيمٗا ذَا مَقۡرَبَةٍ﴿١٥

15тууганчылыгы бар жетимге.

أَوۡ مِسۡكِينٗا ذَا مَتۡرَبَةٖ﴿١٦

16Же чаңга буланган кедейге

ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ﴿١٧

17Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,

أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ﴿١٨

18Ошолор гана оң тарап ээлери!

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ﴿١٩

19Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.[1]

عَلَيۡهِمۡ نَارٞ مُّؤۡصَدَةُۢ﴿٢٠

20Аларды ар жактан от каптап алган.

RELATED SURAHS