الرحمن
The Most Merciful • 78 ayahs • Medinan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Ар-Рахман.
2Куранды таалим берди,
3Инсанды жаратты,
4(Жана) ага баянды – сөздү үйрөттү.
5Күн дагы, Ай дагы (Аллах койгон) эсеп менен (айланат).
6Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат.
7(Аллах) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту.
8Таразада кыянат кылбагыла деп.
9Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла!
10Ал жерди калк-калайык[1] үчүн (мекен) кылды.
11Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар,
12Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар!
13Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!
14Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты.[1]
15Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты.[1]
16Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
17Ал эки чыгыш менен эки батыштын[1] Раббиси.
18Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
19Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды.
20(Бирок), ортосунда (Аллах койгон) тосмо бар: өтүшпөйт.[1]
21Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
22Алардан (Аллах) берметтерди, шуруларды чыгарат.
23Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
24(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү.
25Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
26Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу.
27Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк!
28Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
29Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө.
30Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
31Эй, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз![1]
32Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
33Эй, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар – кете бергиле. (Аллахтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар!
34Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
35Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар.
36Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
37Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат!
38Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
39Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт.[1]
40Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
41Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат).
42Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
43Күнөөлүүлөр жалган деген тозок – ушул.
44Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат.[1]
45Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
46Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет.[1]
47Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
48Эки бак тең бутактуу.[1]
49Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
50Экөөндө тең агып турган булактар!
51Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
52Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар.
53Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
54(Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки бейиштин тең мөмөлөрү ийилген.
55Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
56Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар.
57Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
58Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу!
59Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
60Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес.
61Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
62Эки бейиштен ылдыйраакта дагы эки бейиш бар.[1]
63Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
64Эки (күмүш) бейиш тең жашыл түстө.
65Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
66Экөөндө тең атырылган булактар!
67Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
68Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар!
69Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
70Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер!
71Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
72Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган!
73Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
74Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген.
75Эми (эй, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар?!
76Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат.
77Раббиңердин дагы кайсы жакшылыгын жалган дей аласыңар?!
78Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси – Раббиңдин ысымы таберик!