An-Nahl

النحل

The Bee128 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

أَتَىٰٓ أَمۡرُ ٱللَّهِ فَلَا تَسۡتَعۡجِلُوهُۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ﴿١

1(Эй, мушриктер!) Аллахтын буйругу (азабы) келип калды. Силер аны шаштырбай эле койгула! Алардын ширктеринен Аллах Бийик жана Аруу!

يُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ بِٱلرُّوحِ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦٓ أَنۡ أَنذِرُوٓاْ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱتَّقُونِ﴿٢

2«Аллах пенделеринин арасынан каалагандарына Өз амири менен: “(Адамдарга) эскерткиле: Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Мен гана бармын! Менден гана корккула!” – деген вахий менен периштелерди түшүрөт».

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۚ تَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ﴿٣

3Асмандар менен жерди Акыйкат менен жараткан (Аллах) алардын ширктеринен Жогору - Бийик!

خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن نُّطۡفَةٖ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٞ مُّبِينٞ﴿٤

4Ал инсанды бир тамчы «суудан» жаратты эле, капысынан (Өзүнө) анык душман болуп чыга келди!

وَٱلۡأَنۡعَٰمَ خَلَقَهَاۖ لَكُمۡ فِيهَا دِفۡءٞ وَمَنَٰفِعُ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ﴿٥

5Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар.[1] Силер алардын этинен да жейсиңер.

وَلَكُمۡ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسۡرَحُونَ﴿٦

6(Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар.

وَتَحۡمِلُ أَثۡقَالَكُمۡ إِلَىٰ بَلَدٖ لَّمۡ تَكُونُواْ بَٰلِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ ٱلۡأَنفُسِۚ إِنَّ رَبَّكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ﴿٧

7(Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар(лар)га ташып берет. Чынында Раббиңер силерге Ырайымдуу, Мээримдүү!

وَٱلۡخَيۡلَ وَٱلۡبِغَالَ وَٱلۡحَمِيرَ لِتَرۡكَبُوهَا وَزِينَةٗۚ وَيَخۡلُقُ مَا لَا تَعۡلَمُونَ﴿٨

8Ал силер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) аттарды, качырларды жана эшектерди (жаратты).[1] Жана силер билбеген нерселерди да жаратат.[2]

وَعَلَى ٱللَّهِ قَصۡدُ ٱلسَّبِيلِ وَمِنۡهَا جَآئِرٞۚ وَلَوۡ شَآءَ لَهَدَىٰكُمۡ أَجۡمَعِينَ﴿٩

9Туура жолго баштоо - Аллахтын вазыйпасы. Жолдордун арасында ийри жолдор да бар.[1] Эгер кааласа бардыгыңарды туура жолго баштамак.

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗۖ لَّكُم مِّنۡهُ شَرَابٞ وَمِنۡهُ شَجَرٞ فِيهِ تُسِيمُونَ﴿١٠

10Ал силерге асмандан суу түшүрдү. Ичер сууңар да ошондон, жаныбарларды бага турган чөп-дарак да ошондон.

يُنۢبِتُ لَكُم بِهِ ٱلزَّرۡعَ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلنَّخِيلَ وَٱلۡأَعۡنَٰبَ وَمِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ﴿١١

11(Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Албетте, буларда, пикир кылган элдер үчүн (Аллахтын кудурет- даанышмандыгын билдирген) далилдер бар.

وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ وَٱلنُّجُومُ مُسَخَّرَٰتُۢ بِأَمۡرِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ﴿١٢

12Дагы (Аллах) силерге Айды, Күндү жана Түн менен Күндүздү моюн сундуруп койду. Анын амири менен жылдыздар да силерге моюн сундурулган. Албетте, мында акылын иштеткен адамдар үчүн далилдер бар.

وَمَا ذَرَأَ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُخۡتَلِفًا أَلۡوَٰنُهُۥٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَذَّكَّرُونَ﴿١٣

13Ал силер үчүн жер бетинде ар түркүн (пайдалуу) нерселерди жаратты. Албетте, бул нерседе эстеген адамдар үчүн (Аллахтын кудурет-даанышмандыгын билдирген) далил бар.

وَهُوَ ٱلَّذِي سَخَّرَ ٱلۡبَحۡرَ لِتَأۡكُلُواْ مِنۡهُ لَحۡمٗا طَرِيّٗا وَتَسۡتَخۡرِجُواْ مِنۡهُ حِلۡيَةٗ تَلۡبَسُونَهَاۖ وَتَرَى ٱلۡفُلۡكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ﴿١٤

14Силер андан (балыктардын) бузулбаган, эт(ин) жешиңер үчүн Аллах силерге деңизди моюн сундурду. Анын (түбүнөн) өзүңөр такчу тагынчактарды чыгарып аласыңар. Сен анда (толкундарды) жарып сүзгөн кемени көрөсүң. (Аллах) Өзүнүн пазилетин үмүт кылып, (нээматтарына) шүгүр келтиришиңер үчүн (ушуларды жаратты).

وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَأَنۡهَٰرٗا وَسُبُلٗا لَّعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ﴿١٥

15Ал силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду, Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, адашпай жүрүшүңөр үчүн жолдорду жана

وَعَلَٰمَٰتٖۚ وَبِٱلنَّجۡمِ هُمۡ يَهۡتَدُونَ﴿١٦

16(ар түрдүү) белгилерди (жаратты. Ошол белгилердин бири болгон) жылдыздар менен алар жол табышат.

أَفَمَن يَخۡلُقُ كَمَن لَّا يَخۡلُقُۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ﴿١٧

17Жараткан (Аллах) менен жарата албаган (“кудайлар”) теңби?! Эсиңерге келбейсиңерби?!

وَإِن تَعُدُّواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ لَا تُحۡصُوهَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ﴿١٨

18Эгер Аллахтын нээматтарын санасаңар, бүтүрө албайсыңар. Албетте, Аллах Кечирүүчү, Боорукер.

وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعۡلِنُونَ﴿١٩

19Аллах силердин купуя жана ашкере жасаган (бардык) ишиңерди билет.

وَٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَخۡلُقُونَ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ﴿٢٠

20Алар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллахтан башка “кудайлары” эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер.

أَمۡوَٰتٌ غَيۡرُ أَحۡيَآءٖۖ وَمَا يَشۡعُرُونَ أَيَّانَ يُبۡعَثُونَ﴿٢١

21Алар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да билбейт.

إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۚ فَٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ قُلُوبُهُم مُّنكِرَةٞ وَهُم مُّسۡتَكۡبِرُونَ﴿٢٢

22Силердин кудайыңар - жалгыз Кудай (Аллах). Ал эми, Акыретке ишенбеген адамдардын жүрөктөрү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллахка баш ийүүдөн) текеберленишет.

لَا جَرَمَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُسۡتَكۡبِرِينَ﴿٢٣

23Эч шексиз, Аллах алардын ичине сактаган сырларын да ачык-ашкере иштерин да билип турат. Чынында, Ал текебер адамдарды сүйбөйт.[1]

وَإِذَا قِيلَ لَهُم مَّاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمۡ قَالُوٓاْ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿٢٤

24Эгер аларга: «(Мухаммадга) Раббиңер эмне түшүрдү эле» - деп айтылса, «Байыркылардын жомогу» - дешет.

لِيَحۡمِلُوٓاْ أَوۡزَارَهُمۡ كَامِلَةٗ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَمِنۡ أَوۡزَارِ ٱلَّذِينَ يُضِلُّونَهُم بِغَيۡرِ عِلۡمٍۗ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ﴿٢٥

25«Кыямат күнү күнөөлөрүн толугу менен, ал эми илимсиздиги себептүү (аларды) адаштырган адамдарынын күнөөлөрүн(үн бир бөлүгүн желкесине) көтөрүш үчүн (ошентишти). Уккула, алар көтөргөн «жүк» кандай жаман!»

قَدۡ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَأَتَى ٱللَّهُ بُنۡيَٰنَهُم مِّنَ ٱلۡقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيۡهِمُ ٱلسَّقۡفُ مِن فَوۡقِهِمۡ وَأَتَىٰهُمُ ٱلۡعَذَابُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَشۡعُرُونَ﴿٢٦

26Алардан мурдагы (каапыр) коомдор дагы айлакерлик («сарайларын») жасашкан. Кийин Аллах алардын “сарайларына” келип, түбү менен омкоруп таштаганда, чатыр(ы) как чокуларына кулап түштү. Жана аларга байкабаган тараптан азап келди!

ثُمَّ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يُخۡزِيهِمۡ وَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تُشَٰٓقُّونَ فِيهِمۡۚ قَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ إِنَّ ٱلۡخِزۡيَ ٱلۡيَوۡمَ وَٱلسُّوٓءَ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ﴿٢٧

27Кийин, Кыямат күндө (Аллах) аларды кордоп: “Алар үчүн жан үрөп талашып, Мага шерик кылган «кудайларыңар» кайда калды!?» - дейт. Илимдүүлөр (ошондо): “Бүгүн каапырларга кордук жана кайгы!”- дешет.

ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ظَالِمِيٓ أَنفُسِهِمۡۖ فَأَلۡقَوُاْ ٱلسَّلَمَ مَا كُنَّا نَعۡمَلُ مِن سُوٓءِۭۚ بَلَىٰٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ﴿٢٨

28Өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын жандарын периштелер сууруп алып жатканда, айласыз калышып, (бирок, күнөөсүн мойнуна албай): «Биз эч бир жаман иш жасабаган элек» - дешет. Жок, жасагансыңар! Аллах эмне кылганыңарды Билүүчү!

فَٱدۡخُلُوٓاْ أَبۡوَٰبَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ فَلَبِئۡسَ مَثۡوَى ٱلۡمُتَكَبِّرِينَ﴿٢٩

29Эми, анда түбөлүк кала турган тозок дарбазаларынан киргиле. Текебер адамдардын орду кандай жаман!

۞ وَقِيلَ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ مَاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمۡۚ قَالُواْ خَيۡرٗاۗ لِّلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٞۚ وَلَدَارُ ٱلۡأٓخِرَةِ خَيۡرٞۚ وَلَنِعۡمَ دَارُ ٱلۡمُتَّقِينَ﴿٣٠

30Аллахтан корккон (такыба) адамдарга: “Раббиңер силерге эмнени түшүрдү эле, деп айтылганда “жакшылыкты” дешет. Жакшылык кылган адамдарга бул дүйнөдө да жакшылык бар. Бирок Акырет Үйү (дүйнөдөн) жакшы. Такыба кишилердин үйү (бейиш) кандай сонун!

جَنَّٰتُ عَدۡنٖ يَدۡخُلُونَهَا تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ لَهُمۡ فِيهَا مَا يَشَآءُونَۚ كَذَٰلِكَ يَجۡزِي ٱللَّهُ ٱلۡمُتَّقِينَ﴿٣١

31«Адн» бейиштери! Алар түбүнөн дарыялар аккан ошол бактарга киришет. Анын ичинде көңүл күсөгөн бардык нерселер бар. Аллах такыба кишилерди мына ушинтип сыйлайт.[1]

ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ طَيِّبِينَ يَقُولُونَ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمُ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ﴿٣٢

32Такыба адамдардын (каапырчылыктан) таза жандарын периштелер алып жатканда: «Силерге салам (тынчтык) болсун! (жакшы) амалыңарга жараша, эми, бейишке киргиле!» - дешет.

هَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأۡتِيَهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَوۡ يَأۡتِيَ أَمۡرُ رَبِّكَۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ﴿٣٣

33(Ал эми, каапырлар) өздөрүнө (жан алгыч) периштелер же болбосо Раббиңдин буйругу (азабы) келишинен башка нерсени күтпөйт. Алардан мурдагы(каапыр)лар дагы ошондой (ширк) амалдарды жасаган(да баштарына азан түшкөн). Аларга Аллах зулумдук кылбады, бирок, өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.

فَأَصَابَهُمۡ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُواْ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ﴿٣٤

34Аларга (жаман) иштеринин жаман акыбети жетти. Баштарына (ишенбеген жана) мыскылдаган нерселери (азап) түштү.

وَقَالَ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ لَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَا عَبَدۡنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖ نَّحۡنُ وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمۡنَا مِن دُونِهِۦ مِن شَيۡءٖۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ فَهَلۡ عَلَى ٱلرُّسُلِ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ﴿٣٥

35Мушриктер: «Эгер Аллах кааласа, биз Өзүнөн башка эч нерсеге ибадат кылбайт элек. Биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы Анын (Аллахтын өкүмү) болмоюнча эч нерсени (өзүбүзгө) арам кылган эмеспиз” - дешет. Алардан мурдагы (каапыр)лар деле ушундай иш жасашкан. Пайгамбарлардын анык-таза жеткирүүдөн башка вазыйпасы жок.

وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَۖ فَمِنۡهُم مَّنۡ هَدَى ٱللَّهُ وَمِنۡهُم مَّنۡ حَقَّتۡ عَلَيۡهِ ٱلضَّلَٰلَةُۚ فَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِينَ﴿٣٦

36Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллах туура жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн[1] башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) “жалган” дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө!

إِن تَحۡرِصۡ عَلَىٰ هُدَىٰهُمۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَن يُضِلُّۖ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ﴿٣٧

37(О, Мухаммад!) Эгер сен аларды туура жолго баштоого (ар канча) аракет кылсаң деле, Аллах адаштыра турган пендени (эч качан) туура жолго баштабайт. (Натыйжада аларга азап түшөт. Ошондо) аларга эч жардамчы болбойт.

وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَا يَبۡعَثُ ٱللَّهُ مَن يَمُوتُۚ بَلَىٰ وَعۡدًا عَلَيۡهِ حَقّٗا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ﴿٣٨

38Алар Аллахтын атына бекем ант ичип: “Аллах өлгөндөрдү тирилтпейт” - дешет. Жок, тирилтет! Өзүнүн акыйкат убадасы боюнча! Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) биле бербейт. (Акыретте бардык адамдар тирилчү болсо, мунун себеби...)

لِيُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِي يَخۡتَلِفُونَ فِيهِ وَلِيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ كَانُواْ كَٰذِبِينَ﴿٣٩

39Аларга талашкан нерселерин(ин аныгын) көргөзүп коюу үчүн жана каапыр адамдар өздөрүнүн жалганчы экендиктерин билип алышы үчүн.

إِنَّمَا قَوۡلُنَا لِشَيۡءٍ إِذَآ أَرَدۡنَٰهُ أَن نَّقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ﴿٤٠

40Эгер Биз бир нерсени кааласак, ага: «Бол!» дешибиз менен ал болуп калат.

وَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ فِي ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُواْ لَنُبَوِّئَنَّهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗۖ وَلَأَجۡرُ ٱلۡأٓخِرَةِ أَكۡبَرُۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ﴿٤١

41(Мекке мушриктери тарабынан) зулумга дуушар кылынган соң, Аллахтын жолунда хижрат кылган адамдарга (ушул эле) дүйнөдө жакшылык даярдап койобуз.[1] Бирок, эгер билишсе, Акырет сыйлыгы чоңураак.

ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ﴿٤٢

42Алар сабыр кылган жана Раббисине тобокел кылган адамдар.

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ إِلَّا رِجَالٗا نُّوحِيٓ إِلَيۡهِمۡۖ فَسۡـَٔلُوٓاْ أَهۡلَ ٱلذِّكۡرِ إِن كُنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ﴿٤٣

43(О, Мухаммад!) Биз сенден мурда жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз (жана) аларга (Дин-Шарият) вахий кылганбыз. (Эй, мушриктер), эгер билбесеңер илимдүүлөрдөн (Ыйык Китептерди билгендерден) сурагыла.

بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلزُّبُرِۗ وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلذِّكۡرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيۡهِمۡ وَلَعَلَّهُمۡ يَتَفَكَّرُونَ﴿٤٤

44(Биз пайгамбарларды) анык кабарлар, (жана башка ыйык) китептер менен (жибергенбиз). Биз сага (эң абзел) илим - Куранды түшүрдүк, адамдарга (Раббиси тарабынан) эмнелер келгенин баяндап берүүң үчүн. Кана эми, (ушулар жөнүндө) пикир кылышса!

أَفَأَمِنَ ٱلَّذِينَ مَكَرُواْ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَخۡسِفَ ٱللَّهُ بِهِمُ ٱلۡأَرۡضَ أَوۡ يَأۡتِيَهُمُ ٱلۡعَذَابُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَشۡعُرُونَ﴿٤٥

45(Ислам менен пайгамбарга каршы) жаман айлакерликтерди жасаган адамдар, өздөрү сезбеген тараптан азап келип калышынан же болбосо, аларды жер жутуп жиберишинен (тынч бекен)?!

أَوۡ يَأۡخُذَهُمۡ فِي تَقَلُّبِهِمۡ فَمَا هُم بِمُعۡجِزِينَ﴿٤٦

46Же болбосо, (бейкапар) саякат кылып жүргөн мезгилинде аларды (капыстан,) кутулбай турган таризде (азап) кармап калышынан,

أَوۡ يَأۡخُذَهُمۡ عَلَىٰ تَخَوُّفٖ فَإِنَّ رَبَّكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٌ﴿٤٧

47Же жүрөгү (бир жамандыкты сезип) коркуп турган убакытта (азап) кармашынан (тынч бекен)?! Чынында, силердин Раббиңер Ырайымдуу, Боорукер.[1]

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَىٰ مَا خَلَقَ ٱللَّهُ مِن شَيۡءٖ يَتَفَيَّؤُاْ ظِلَٰلُهُۥ عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَٱلشَّمَآئِلِ سُجَّدٗا لِّلَّهِ وَهُمۡ دَٰخِرُونَ﴿٤٨

48Алар (шектенгендер) Аллах жараткан нерселерге карашпайбы? Алардын көлөкөсү, (Аллахтын кудуретине) моюн сунуп, сажда кылган абалда оңго-солго ийилип жатканын көрбөй жатышабы?!

وَلِلَّهِۤ يَسۡجُدُۤ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن دَآبَّةٖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَهُمۡ لَا يَسۡتَكۡبِرُونَ﴿٤٩

49Аллахка асмандар жана жердеги жаныбарлардын бардыгы жана (улуу) периштелер дагы эч текеберленбей сажда кылышат.

يَخَافُونَ رَبَّهُم مِّن فَوۡقِهِمۡ وَيَفۡعَلُونَ مَا يُؤۡمَرُونَ۩﴿٥٠

50(Себеби) Алар үстүлөрүндөгү Раббисинен коркушат жана өздөрүнө буюрулган нерсени (дароо) аткарышат.

۞ وَقَالَ ٱللَّهُ لَا تَتَّخِذُوٓاْ إِلَٰهَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِۖ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞ فَإِيَّٰيَ فَٱرۡهَبُونِ﴿٥١

51Аллах айтты: “(Мага дагы бирөөнү шерик кылып) эки кудай тутуп албагыла! Чынында Ал - Жалгыз Кудай! (Демек, жалгыз) Өзүмдөн гана корккула!”

وَلَهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَهُ ٱلدِّينُ وَاصِبًاۚ أَفَغَيۡرَ ٱللَّهِ تَتَّقُونَ﴿٥٢

52(Анткени,) жер-асмандардагылардын бардыгы Анын мүлкү. Дин (ибадат-сыйынуу) дагы бүт бойдон Өзүнө гана таандык. Эмне, силер Аллахтан башкадан коркосуңарбы?!

وَمَا بِكُم مِّن نِّعۡمَةٖ فَمِنَ ٱللَّهِۖ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فَإِلَيۡهِ تَجۡـَٔرُونَ﴿٥٣

53Силерде болгон (көрүнгөн жана көрүнбөгөн) нээматтардын бардыгы Аллахтан. Кийин (силер, эй, мушриктер) өзүңөргө бир апаат-зыян жеткенде (гана) Аллахка жалбаруудасыңар.

ثُمَّ إِذَا كَشَفَ ٱلضُّرَّ عَنكُمۡ إِذَا فَرِيقٞ مِّنكُم بِرَبِّهِمۡ يُشۡرِكُونَ﴿٥٤

54Анан, Өзү силерден балээни арылткан соң, бир тобуңар Раббисине (башкаларды) шерик кыла баштады.

لِيَكۡفُرُواْ بِمَآ ءَاتَيۡنَٰهُمۡۚ فَتَمَتَّعُواْ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ﴿٥٥

55Биз берген нээматтарга шүгүр кылбай коюу үчүн. (Жыргал жашооңордон) пайдалана бергиле. Жакында (адашканыңарды) билип аласыңар!

وَيَجۡعَلُونَ لِمَا لَا يَعۡلَمُونَ نَصِيبٗا مِّمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡۗ تَٱللَّهِ لَتُسۡـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمۡ تَفۡتَرُونَ﴿٥٦

56Жана (мушриктер) эч нерсени билбеген «кудайларына» Биз ырыскы кылып берген нерселерден үлүш ажыратышат.[1] Аллахка ант, өзүңөр ойлоп тапкан (бул) жалгандар жөнүндө (Кыяматта) суракка тартыласыңар!

وَيَجۡعَلُونَ لِلَّهِ ٱلۡبَنَٰتِ سُبۡحَٰنَهُۥ وَلَهُم مَّا يَشۡتَهُونَ﴿٥٧

57Алар (“Периштелер Аллахтын кыздары” деп) Аллахка кыздарды таңуулашат. Аллах (перзенти болуудан) Таза! Өздөрүнө болсо жакканын (уул перзенттерди) арнашат.

وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِٱلۡأُنثَىٰ ظَلَّ وَجۡهُهُۥ مُسۡوَدّٗا وَهُوَ كَظِيمٞ﴿٥٨

58Эгер бирөө-жарымы кыз перзент (көргөнү) жөнүндө «куш кабар» алчу болсо, ачуусун ичине жута берип жүзү карарып чыгат.

يَتَوَٰرَىٰ مِنَ ٱلۡقَوۡمِ مِن سُوٓءِ مَا بُشِّرَ بِهِۦٓۚ أَيُمۡسِكُهُۥ عَلَىٰ هُونٍ أَمۡ يَدُسُّهُۥ فِي ٱلتُّرَابِۗ أَلَا سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ﴿٥٩

59(Анан)“сүйүнчүнүн” жамандыгынан (арданып) эл көзүнөн жашынып жүрүшөт (жана) “кыз перзентти кордолгон абалда (болсо да) алып калуу керекпи, же болбосо топурак түбүнө (тирүүлөй) көмүп салуу керекпи?” (деп ойлонушат). Алардын өкүмдөрү кандай жаман!

لِلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ مَثَلُ ٱلسَّوۡءِۖ وَلِلَّهِ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ﴿٦٠

60Акыретке ыйман келтирбеген адамдарга эң төмөн сыпаттар таандык. Аллахка болсо, эң жогорку сыпаттар таандык. Ал - Кудуретгүү, Даанышман!

وَلَوۡ يُؤَاخِذُ ٱللَّهُ ٱلنَّاسَ بِظُلۡمِهِم مَّا تَرَكَ عَلَيۡهَا مِن دَآبَّةٖ وَلَٰكِن يُؤَخِّرُهُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗىۖ فَإِذَا جَآءَ أَجَلُهُمۡ لَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ سَاعَةٗ وَلَا يَسۡتَقۡدِمُونَ﴿٦١

61Эгер Аллах (бул дүйнөдө) адамдарга каапырчылыгына жараша азап берчү болсо, жер бетинде кыбыраган жан калтырмак эмес!* Бирок, Аллах аларды(н азапталуусун) белгилүү убакытка (Кыяматка) чейин кечиктирет. Эми, алардын белгилүү убакыттары (ажалы) жеткенде, аны бир аз мөөнөткө да кечиктире алышпайт жана тездете да алышпайт.

وَيَجۡعَلُونَ لِلَّهِ مَا يَكۡرَهُونَۚ وَتَصِفُ أَلۡسِنَتُهُمُ ٱلۡكَذِبَ أَنَّ لَهُمُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ لَا جَرَمَ أَنَّ لَهُمُ ٱلنَّارَ وَأَنَّهُم مُّفۡرَطُونَ﴿٦٢

62Алар өздөрү жактырбаганды (кыз перзентти) Аллахка таңуулашат. Тилдери болсо, аларга жакшылык (бул дүйнөдө бакыт, Акыретте бейиш) болушу жөнүндө жалганды сүйлөйт. (Бирок,) эч шексиз, аларга тозок бар жана ага эң абалкылардан болуп киришет.

تَٱللَّهِ لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٖ مِّن قَبۡلِكَ فَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ فَهُوَ وَلِيُّهُمُ ٱلۡيَوۡمَ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ﴿٦٣

63Аллахка ант, (о, Мухаммад), Биз сенден мурунку эл-үммөттөргө да пайгамбар жибергенбиз.[1] Бирок, кийин шайтан аларга (ширк) иштерин кооз көргөзүп, ошол күндөгү (дүйнөдөгү) башчылары болуп алган. Аларга кыйноочу азап бар.

وَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ إِلَّا لِتُبَيِّنَ لَهُمُ ٱلَّذِي ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ﴿٦٤

64Биз сага, алар талашып калган маселелерди анык баяндап беришиң үчүн жана ыймандуу адамдарга Туура Жол, Ырайым болуш үчүн Китепти (Куранды) түшүрдүк.

وَٱللَّهُ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ﴿٦٥

65Аллах асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди - өлгөнүнөн соң - тирилтти. Албетте, мында уга билген адамдар үчүн үлгү-сабак бар.

وَإِنَّ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَنۡعَٰمِ لَعِبۡرَةٗۖ نُّسۡقِيكُم مِّمَّا فِي بُطُونِهِۦ مِنۢ بَيۡنِ فَرۡثٖ وَدَمٖ لَّبَنًا خَالِصٗا سَآئِغٗا لِّلشَّٰرِبِينَ﴿٦٦

66Чынында, силер үчүн айбандарда (алардын жаратылышында) үлгү-сабак бар: Биз алардын ичиндеги акылет менен кандын арасынан, ичкендер үчүн жагымдуу болгон таза сүттү (чыгарып,) силерге ичиребиз.

وَمِن ثَمَرَٰتِ ٱلنَّخِيلِ وَٱلۡأَعۡنَٰبِ تَتَّخِذُونَ مِنۡهُ سَكَرٗا وَرِزۡقًا حَسَنًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ﴿٦٧

67Дагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап[1] жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар.

وَأَوۡحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحۡلِ أَنِ ٱتَّخِذِي مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتٗا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعۡرِشُونَ﴿٦٨

68(О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) вахий-илхам кылды: “Уяларыңды тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган үйлөргө кургун!

ثُمَّ كُلِي مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسۡلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلٗاۚ يَخۡرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٞ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٞ لِّلنَّاسِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ﴿٦٩

69Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учун) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар.

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ ثُمَّ يَتَوَفَّىٰكُمۡۚ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡ لَا يَعۡلَمَ بَعۡدَ عِلۡمٖ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٞ قَدِيرٞ﴿٧٠

70(О, инсандар), силерди Аллах жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллах - Билүүчү, Кудуреттүү.[1]

وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعۡضَكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلرِّزۡقِۚ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُواْ بِرَآدِّي رِزۡقِهِمۡ عَلَىٰ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَهُمۡ فِيهِ سَوَآءٌۚ أَفَبِنِعۡمَةِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ﴿٧١

71Аллах бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менөн) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллахтын нээматын четке кагып жатышабы?![1]

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةٗ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ هُمۡ يَكۡفُرُونَ﴿٧٢

72Аллах силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллахтын жеке өзүнө сыйынуунун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллахтын жакшылыгына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы?!

وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَمۡلِكُ لَهُمۡ رِزۡقٗا مِّنَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ شَيۡـٔٗا وَلَا يَسۡتَطِيعُونَ﴿٧٣

73Жана алар, Аллахтан башка, өздөрүнө асмандар менен жерден эч кандай ырыскы өндүрүп бере албай турган, колунан эч нерсе келбей турган нерселерге ибадат кылышат.

فَلَا تَضۡرِبُواْ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡثَالَۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ﴿٧٤

74Аллахка эч нерсени окшотпогула! Албетте, Аллах билет, силер билбейсиңер!

۞ ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا عَبۡدٗا مَّمۡلُوكٗا لَّا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَمَن رَّزَقۡنَٰهُ مِنَّا رِزۡقًا حَسَنٗا فَهُوَ يُنفِقُ مِنۡهُ سِرّٗا وَجَهۡرًاۖ هَلۡ يَسۡتَوُۥنَۚ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ﴿٧٥

75Аллах (“Аллахка эч нерсени окшотпогула!” деген сөзүнө) мисал келтирет: Эч нерсеге эгедер болбогон бир кул жана Биз көп ырыскы берген (бай) адам. Ал байлыгынан ашкересин-ашкере, көмүскөсүн-көмүскө садака кылат. Эми, ушул экөө окшош болобу?[1] Аллахка мактоолор! Бирок, муну көпчүлүгү билишпейт!

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا رَّجُلَيۡنِ أَحَدُهُمَآ أَبۡكَمُ لَا يَقۡدِرُ عَلَىٰ شَيۡءٖ وَهُوَ كَلٌّ عَلَىٰ مَوۡلَىٰهُ أَيۡنَمَا يُوَجِّههُّ لَا يَأۡتِ بِخَيۡرٍ هَلۡ يَسۡتَوِي هُوَ وَمَن يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَهُوَ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ﴿٧٦

76Аллах (дагы) эки адамды мисал келтирет: бирөөсү тап-такыр дүлөй: эч нерсеге ээ эмес. (Жадагалса, өзүнө-өзү да ээ эмес) бүт бойдон кожоюндуку. Кайда жиберсе да жакшылык келтирбейт. (Ушундай жаман кул). Эми, ушул киши менен туура жолдо жүрүп, адилетке буюрган (демек, көзү, кулагы бар, акылы бүтүн жана бай) адам тең болобу?[1]

وَلِلَّهِ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَمَآ أَمۡرُ ٱلسَّاعَةِ إِلَّا كَلَمۡحِ ٱلۡبَصَرِ أَوۡ هُوَ أَقۡرَبُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ﴿٧٧

77Асмандар жана жердин кайып нерселери(нин билими) Аллахтын гана алдында.[1] Ал эми, Кыяматтын болушу көз ачып-жумгуча же андан да тезирээк. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

وَٱللَّهُ أَخۡرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ شَيۡـٔٗا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ﴿٧٨

78Аллах силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар?!

أَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلطَّيۡرِ مُسَخَّرَٰتٖ فِي جَوِّ ٱلسَّمَآءِ مَا يُمۡسِكُهُنَّ إِلَّا ٱللَّهُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ﴿٧٩

79Асман койнунда туткун болгон куштарга карашпайбы? Аларды (абада) Аллахтан башка ким кармап турат?! Албетте, мында ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине ишаарат кылган) белгилер бар!

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۢ بُيُوتِكُمۡ سَكَنٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّن جُلُودِ ٱلۡأَنۡعَٰمِ بُيُوتٗا تَسۡتَخِفُّونَهَا يَوۡمَ ظَعۡنِكُمۡ وَيَوۡمَ إِقَامَتِكُمۡ وَمِنۡ أَصۡوَافِهَا وَأَوۡبَارِهَا وَأَشۡعَارِهَآ أَثَٰثٗا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ﴿٨٠

80Аллах силер үчүн үйүңөрдү тынч мекен кылды жана айбандардын терилеринен көчүп-конуп жүргөнүңөрдө жеңил болгон үйлөрдү жасап берди. Жана алардын жүндөрүнөн, тыбыттарынан, кылдарынан бир мезгилге (Кыяматка) чейин (керектелүүчү) буюмдарды жана матааларды (жаратты).

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّمَّا خَلَقَ ظِلَٰلٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡجِبَالِ أَكۡنَٰنٗا وَجَعَلَ لَكُمۡ سَرَٰبِيلَ تَقِيكُمُ ٱلۡحَرَّ وَسَرَٰبِيلَ تَقِيكُم بَأۡسَكُمۡۚ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعۡمَتَهُۥ عَلَيۡكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُسۡلِمُونَ﴿٨١

81Аллах Өзү жараткан нерселерден көлөкө-башпаанектерди, тоолордон үңкүр-үйлөрдү жасап берди. Дагы силер үчүн ысыктан сактаган кийимдерди жана (өз-ара) соккуңардан сактай турган,(зоот) кийимдерди жаратты. (Аллах) силерге мына ушинтип Өз нээматын толук берет. Кана эми (силер да толук) мусулман болсоңор?!

فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّمَا عَلَيۡكَ ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ﴿٨٢

82(О, Мухаммад!) Эгер (наасааттан) жүз бурушса, (артынан түшүп алба) сенин милдетиң анык жеткирүүдөн гана турат.

يَعۡرِفُونَ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ ثُمَّ يُنكِرُونَهَا وَأَكۡثَرُهُمُ ٱلۡكَٰفِرُونَ﴿٨٣

83Алар Аллахтын нээматын таанып-билип эле турушат. Бирок, кийин моюнга албай коюшат. Алардын көпчүлүгү каапырлар.

وَيَوۡمَ نَبۡعَثُ مِن كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدٗا ثُمَّ لَا يُؤۡذَنُ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ وَلَا هُمۡ يُسۡتَعۡتَبُونَ﴿٨٤

84Биз аларды кайра тирилткен (Кыямат) Күндө ар бир үммөттөн (бирден) күбөнү алып келебиз.[1] Кийин каапырлар үчүн (кечирим суроого) уруксат берилбейт жана (кайрадан жашап келүүгө да) кайтарылышпайт.

وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ ٱلۡعَذَابَ فَلَا يُخَفَّفُ عَنۡهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ﴿٨٥

85Зулумдук кылган (каапыр) адамдар азапты көрүшкөн убакта алардан(азап) жеңилдетилбейт. Жана мөөнөт да берилбейт.

وَإِذَا رَءَا ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ شُرَكَآءَهُمۡ قَالُواْ رَبَّنَا هَٰٓؤُلَآءِ شُرَكَآؤُنَا ٱلَّذِينَ كُنَّا نَدۡعُواْ مِن دُونِكَۖ فَأَلۡقَوۡاْ إِلَيۡهِمُ ٱلۡقَوۡلَ إِنَّكُمۡ لَكَٰذِبُونَ﴿٨٦

86Эгер Аллахка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз - (Аллах!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”- дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер - анык жалганчысыңар!” - деп сөз ыргытат.[1]

وَأَلۡقَوۡاْ إِلَى ٱللَّهِ يَوۡمَئِذٍ ٱلسَّلَمَۖ وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ﴿٨٧

87Ошол күндө алар Аллахка моюн сунуп, кор болуп калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет.[1]

ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ زِدۡنَٰهُمۡ عَذَابٗا فَوۡقَ ٱلۡعَذَابِ بِمَا كَانُواْ يُفۡسِدُونَ﴿٨٨

88(Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү.

وَيَوۡمَ نَبۡعَثُ فِي كُلِّ أُمَّةٖ شَهِيدًا عَلَيۡهِم مِّنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَجِئۡنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَٰٓؤُلَآءِۚ وَنَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ تِبۡيَٰنٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِينَ﴿٨٩

89«Биз (силерди) кайрадан тирилткен күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад,) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк».

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُ بِٱلۡعَدۡلِ وَٱلۡإِحۡسَٰنِ وَإِيتَآيِٕ ذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَيَنۡهَىٰ عَنِ ٱلۡفَحۡشَآءِ وَٱلۡمُنكَرِ وَٱلۡبَغۡيِۚ يَعِظُكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ﴿٩٠

90Албетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдерден жана зулум- душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!»

وَأَوۡفُواْ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ إِذَا عَٰهَدتُّمۡ وَلَا تَنقُضُواْ ٱلۡأَيۡمَٰنَ بَعۡدَ تَوۡكِيدِهَا وَقَدۡ جَعَلۡتُمُ ٱللَّهَ عَلَيۡكُمۡ كَفِيلًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُونَ﴿٩١

91Убада бергениңерде Аллахтын убадасын аткаргыла! Бекемдегениңерден кийин антыңарды бузбагыла! (Анткени,) Силер (Аллахты ортого коюп ант ичкениңерде) Аллахты кепил кылгансыңар. Албетте, Аллах эмне кылганыңарды билип турат.

وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّتِي نَقَضَتۡ غَزۡلَهَا مِنۢ بَعۡدِ قُوَّةٍ أَنكَٰثٗا تَتَّخِذُونَ أَيۡمَٰنَكُمۡ دَخَلَۢا بَيۡنَكُمۡ أَن تَكُونَ أُمَّةٌ هِيَ أَرۡبَىٰ مِنۡ أُمَّةٍۚ إِنَّمَا يَبۡلُوكُمُ ٱللَّهُ بِهِۦۚ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ﴿٩٢

92Бекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып (жибин чубап) салган аялга окшобогула: бир эл башка бир (силер убадалашкан) элден пайдалуураак болсо эле, өз ара антташкан убадаңарды алдоо куралы кылып аласыңар! Аллах бул (убада) менен силерди сынап жатат жана Кыямат күнү силерге, келише албай калган нерсеңердин анык баянын билдирет.

وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن يُضِلُّ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَلَتُسۡـَٔلُنَّ عَمَّا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ﴿٩٣

93Эгер Аллах кааласа, силердин бардыгыңарды бир үммөт (бир динде) кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго салат. Силер (Кыяматта) эмне иш кылганыңар жөнүндө сураласыңар.

وَلَا تَتَّخِذُوٓاْ أَيۡمَٰنَكُمۡ دَخَلَۢا بَيۡنَكُمۡ فَتَزِلَّ قَدَمُۢ بَعۡدَ ثُبُوتِهَا وَتَذُوقُواْ ٱلسُّوٓءَ بِمَا صَدَدتُّمۡ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَكُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ﴿٩٤

94Антыңарды алдоо куралы кылып албагыла! (Эгер ошентчү болсоңор) бутуңар (түз жолдо) бекем болгондон соң тайып кетет жана Аллахтын жолунан адаштырганыңар себептүү азап чегип каласыңар! Кыяматта да чоң азапка кабыласыңар!

وَلَا تَشۡتَرُواْ بِعَهۡدِ ٱللَّهِ ثَمَنٗا قَلِيلًاۚ إِنَّمَا عِندَ ٱللَّهِ هُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ﴿٩٥

95Аллахтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, силер үчүн (дүйнө пайдасынан) Аллахтын алдындагы сооп жакшы.

مَا عِندَكُمۡ يَنفَدُ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ بَاقٖۗ وَلَنَجۡزِيَنَّ ٱلَّذِينَ صَبَرُوٓاْ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴿٩٦

96Силердин алдыңардагы нерселер (канчалык көп болсо да) түгөнөт. Аллахтын алдындагы нерселер түбөлүктүү! Биз сабыр кылгандардын сооп-сыйлыгын жасаган ишинен жакшыраак (көбүрөөк) кылып беребиз.

مَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَلَنُحۡيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةٗ طَيِّبَةٗۖ وَلَنَجۡزِيَنَّهُمۡ أَجۡرَهُم بِأَحۡسَنِ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴿٩٧

97«Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз».[1]

فَإِذَا قَرَأۡتَ ٱلۡقُرۡءَانَ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِ مِنَ ٱلشَّيۡطَٰنِ ٱلرَّجِيمِ﴿٩٨

98Качан сен Куран окусаң (Аллахтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп Аллахка сыйын![1]

إِنَّهُۥ لَيۡسَ لَهُۥ سُلۡطَٰنٌ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ﴿٩٩

99Албетте, (Аллахка ыклас менен) ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кылган адамдарга шайтандын бийлиги өтпөйт.

إِنَّمَا سُلۡطَٰنُهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَوَلَّوۡنَهُۥ وَٱلَّذِينَ هُم بِهِۦ مُشۡرِكُونَ﴿١٠٠

100Анын бийлиги мушрик болуп, өздөрүнө аны (шайтанды) дос жетекчи кылып алгандарга өтөт.

وَإِذَا بَدَّلۡنَآ ءَايَةٗ مَّكَانَ ءَايَةٖ وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يُنَزِّلُ قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مُفۡتَرِۭۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ﴿١٠١

101(О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак - Өзү түшүргөн нерсесин Аллах Өзү Билүүчү[1] - алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт.

قُلۡ نَزَّلَهُۥ رُوحُ ٱلۡقُدُسِ مِن رَّبِّكَ بِٱلۡحَقِّ لِيُثَبِّتَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهُدٗى وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِينَ﴿١٠٢

102Ал аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, туура жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн.

وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّهُمۡ يَقُولُونَ إِنَّمَا يُعَلِّمُهُۥ بَشَرٞۗ لِّسَانُ ٱلَّذِي يُلۡحِدُونَ إِلَيۡهِ أَعۡجَمِيّٞ وَهَٰذَا لِسَانٌ عَرَبِيّٞ مُّبِينٌ﴿١٠٣

103Биз билебиз, алар (мушриктер): “Чынында, Куранды Мухаммадга (бир) адам үйрөткөн» деп жатышат. Алар (пайгамбардын устаты деп) көргөзүп жаткан адамдын тили арабча эмес. Ал эми, бул (Куран) анык-таза араб тилинде!

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ لَا يَهۡدِيهِمُ ٱللَّهُ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ﴿١٠٤

104Албетге, (ар нерсени шылтоолоп) Аллахтын аяттарына ыйман келтирбей жүргөн адамдарды Аллах туура жолто баштабайт жана аларга жан сыздаткан азап бар.

إِنَّمَا يَفۡتَرِي ٱلۡكَذِبَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَٰذِبُونَ﴿١٠٥

105Чынында, Аллахтын аяттарына ыйман келтирбегендер гана (ушундай) жалгандарды ойлоп табышат. Алар - жалганчылар!

مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ إِيمَٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنۡ أُكۡرِهَ وَقَلۡبُهُۥ مُطۡمَئِنُّۢ بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلۡكُفۡرِ صَدۡرٗا فَعَلَيۡهِمۡ غَضَبٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ﴿١٠٦

106Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапыр болуп, көкүрөгүн каапырчылыктарга кенен ачып койсо, аларга Аллахтын каары жана улук азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен (толуп) бейпил турган абалда (тили менен гана “Динден кайттым” деген сөздү айтууга) мажбур кылынган адамдар (га азап-күнөө жок).

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمُ ٱسۡتَحَبُّواْ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا عَلَى ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ﴿١٠٧

107Мунун себеби, алар (көкүрөгүн капырчылыкка ачкандар) Акыретке караганда (опосуз) дүйнө жашоосун көбүрөөк сүйүштү. Албетте, Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ طَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ وَسَمۡعِهِمۡ وَأَبۡصَٰرِهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡغَٰفِلُونَ﴿١٠٨

108Аллах алардын жүрөгүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басып (акыйкатты кабыл алалбай турган кылып) койгон. Эми, алар капилеттеги (аңкоо) адамдар.

لَا جَرَمَ أَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ﴿١٠٩

109Эч шексиз, алар Акыретте зыян тартуучулардан болушат.[1]

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُواْ مِنۢ بَعۡدِ مَا فُتِنُواْ ثُمَّ جَٰهَدُواْ وَصَبَرُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ﴿١١٠

110Андан соң, албетте, сенин Раббиң, (көп) каршылыктарга учурагандан кийин (өз диндерин сактап калуу үчүп) хижрат кылган, жихадга чыккан жана (дин жолундагы кыйынчылыктарга) сабырдуулук көргөзгөн адамдарды - ушулардан кийин - албетте, Кечирүүчү жана Өз Ырайымына алуучу.

۞ يَوۡمَ تَأۡتِي كُلُّ نَفۡسٖ تُجَٰدِلُ عَن نَّفۡسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا عَمِلَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ﴿١١١

111Ошол Күндө (Кыяматта) ар бир жан өз пайдасын талашып (башкаларды тап-такыр унутуп) калат. Жана ар бир жанга - зулумдук көргөзүлбөгөн абалда - жасаган иштери(не жараша сооп же азап) гана толугу менен берилет.

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا قَرۡيَةٗ كَانَتۡ ءَامِنَةٗ مُّطۡمَئِنَّةٗ يَأۡتِيهَا رِزۡقُهَا رَغَدٗا مِّن كُلِّ مَكَانٖ فَكَفَرَتۡ بِأَنۡعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلۡجُوعِ وَٱلۡخَوۡفِ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ﴿١١٢

112Аллах бир шаарды (Меккени) мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан “агып” келип турган шаар болчу. Кийин ал (анда жашаган мушриктер) Аллахтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллах аны коркунуч жана каатчылык “кийими” менен “жасантып койду”.

وَلَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مِّنۡهُمۡ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَهُمۡ ظَٰلِمُونَ﴿١١٣

113Аларга (Мекке мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, залым болуп турган абалда азап кармады!

فَكُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَٰلٗا طَيِّبٗا وَٱشۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ﴿١١٤

114Силерге Аллах ырыскы кылып берген адал-таза нсрселерден гана жегиле жана эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла.[1]

إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحۡمَ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦۖ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَيۡرَ بَاغٖ وَلَا عَادٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ﴿١١٥

115Чынында, Аллах силерге тарпты, (мууздалганда аккан) канды, доңуздун этин жана Аллахтан башкага атап союлган(дар)ды арам кылды.[1] Ал эми, бирөө (ушулардан башка тамак таба албай) мажбур болгондо, чектен чыкпай сугунбай (өзөк жалгоо үчүн гана) жесе, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.

وَلَا تَقُولُواْ لِمَا تَصِفُ أَلۡسِنَتُكُمُ ٱلۡكَذِبَ هَٰذَا حَلَٰلٞ وَهَٰذَا حَرَامٞ لِّتَفۡتَرُواْ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا يُفۡلِحُونَ﴿١١٦

116Тилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Аллахка (оодарып) жалаа жабуу үчүн «Бул - адал, бул - арам» деп сүйлөй бербегиле. Албетте, Аллахка жалаа жапкандар[1] тозоктон кутулбайт.

مَتَٰعٞ قَلِيلٞ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ﴿١١٧

117(Дүйнө жыргалы) бир аз гана пайдалануу. Алар үчүн (Акыретте) жан сыздаткан азап бар.

وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمۡنَا مَا قَصَصۡنَا عَلَيۡكَ مِن قَبۡلُۖ وَمَا ظَلَمۡنَٰهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ﴿١١٨

118Мурда Биз яхудилерге, сага (Куранда) айткан нерселерди арам кылган элек. Биз аларга зулумдук кылбадык. Бирок өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.[1]

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ عَمِلُواْ ٱلسُّوٓءَ بِجَهَٰلَةٖ ثُمَّ تَابُواْ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ وَأَصۡلَحُوٓاْ إِنَّ رَبَّكَ مِنۢ بَعۡدِهَا لَغَفُورٞ رَّحِيمٌ﴿١١٩

119Андан соң (о, Мухаммад,) албетте, сенин Раббиң наадандык (илимсиздик) менен күнөө иш жасап, артынан тообо кылган жана өзүн(үн иштерин) оңдогон адамдарды - ушундан кийин - Кечирүүчү, Ырайымдуу.

إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ كَانَ أُمَّةٗ قَانِتٗا لِّلَّهِ حَنِيفٗا وَلَمۡ يَكُ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ﴿١٢٠

120Чынында, Ибрахим Аллахка ыкыластуу, итааттуу. ханиф (Аллахка жүз бурган) жолбашчы болгон. Ал мушриктерден болгон эмес.

شَاكِرٗا لِّأَنۡعُمِهِۚ ٱجۡتَبَىٰهُ وَهَدَىٰهُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ﴿١٢١

121(Дагы ал) Аллахтын нээматтарына шүгүр келтирүүчү болгон. (Ошондуктан, Раббиси аны көп элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштады (пайгамбар кылды).

وَءَاتَيۡنَٰهُ فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗۖ وَإِنَّهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ لَمِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ﴿١٢٢

122Жана Биз ага дүйнөдө ихсан-жакшылыктарды бердик. Ал Акыретте да жакшылардан болот.

ثُمَّ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ أَنِ ٱتَّبِعۡ مِلَّةَ إِبۡرَٰهِيمَ حَنِيفٗاۖ وَمَا كَانَ مِنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ﴿١٢٣

123Андан соң (о, Мухаммад), Биз сага: «Жалгыз Аллахка сыйынуучу Ибрахимдин динине ээрчигин. (Себеби) ал мушриктерден болбоду” деп аян-кабар жибердик.

إِنَّمَا جُعِلَ ٱلسَّبۡتُ عَلَى ٱلَّذِينَ ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِۚ وَإِنَّ رَبَّكَ لَيَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فِيمَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ﴿١٢٤

124Ишемби күн(дү урматтоо) ал (Жума күн) жөнүндө талашып (натыйжада жолдон чыгып) кеткен адамдарга (яхудилерге парыз) кылынды. Албетте, сенин Раббиң Кыямат Күндө алар талашкан нерсе жөнүндө (адилет) өкүм чыгарат.[1]

ٱدۡعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِٱلۡحِكۡمَةِ وَٱلۡمَوۡعِظَةِ ٱلۡحَسَنَةِۖ وَجَٰدِلۡهُم بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِٱلۡمُهۡتَدِينَ﴿١٢٥

125(О, Мухаммад!) Раббиңдин жолуна хикмат - даанышмандык жана үлгүлүү насааттар менен даават кыл жана алар (жүз бургандар) менен эң сонун (далилдүү) талаш жүргүз. Сенин Раббиң Өзүнүн жолунан адашып кеткендерди Билүүчү жана Ал туура жолго түшүүчүлөрдү да эң жакшы билет.[1]

وَإِنۡ عَاقَبۡتُمۡ فَعَاقِبُواْ بِمِثۡلِ مَا عُوقِبۡتُم بِهِۦۖ وَلَئِن صَبَرۡتُمۡ لَهُوَ خَيۡرٞ لِّلصَّٰبِرِينَ﴿١٢٦

126(О, ыймандуулар!) Эгерде (силерге жаман сөз же жаман иш менен зыян жеткирген адамдардан) өч алчу болсоңор, өзүңөргө кандай зыян жеткен болсо, дал ошондой өч алгыла. Эгер (өч албай, кечирип) сабыр кылсаңар, бул сабыр кылуучулар үчүн жакшы.

وَٱصۡبِرۡ وَمَا صَبۡرُكَ إِلَّا بِٱللَّهِۚ وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَلَا تَكُ فِي ضَيۡقٖ مِّمَّا يَمۡكُرُونَ﴿١٢٧

127(О, Мухаммад,) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллахтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын!

إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّٱلَّذِينَ هُم مُّحۡسِنُونَ﴿١٢٨

128Албетте, Аллах такыбалар жана жакшылык кылуучулар менен!

RELATED SURAHS