المؤمنون
The Believers • 118 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти.
2Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат.[1]
3Алар жакшылыгы жок сөз-иштерден ыраак болушат.[1]
4Алар (напсилерин) тазалагандар (мал-мүлкүнөн) зекет бергендер.[1]
5Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
6Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен[1] жатса айыптуу болбойт.
7Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар.
8Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар.
9Дагы алар намаздарын сактоочулар.[1]
10Дал ошолор – мурас алуучулар!
11Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус бейишин мурас кылып алышат.
12Биз инсанды (топурагы жердин бардык тарабынан алынып, суу кошулган) ылайдан[1] жараттык.
13Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) тамчы суу абалында кылдык.
14Кийин ал бир тамчы бел суудан «алака»[1] (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта өнүктүрдүк.[2] Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү!
15Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр.
16Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер.
17Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз.
18Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.[1] Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз.
19Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер.
20Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада[1] өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана жегендер үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт.
21Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер.
22Мингенге да пайдаланасыңар. (Ал эми деңизде) кемелерге минип жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллах таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет:)
23Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум, Аллахка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка сыйынылуучу-кудай жок. (Ошол кудайдан) коркпойсуңарбы эми?!
24Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллах (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз!
25Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!».
26(Нух) Айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал залымдарга каршы) мага жардам бер!»
27Биз ага вахий кылдык: «(Оо, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана залым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба![1] Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт!
28Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди залым коомдордон куткарган Аллахка мактоолор болсун!» - дегин.
29Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»
30Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык.
31Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык.
32Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллахка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп чакырык кылды).
33Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам!
34Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер анык зыян тартып каласыңар.
35Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы?
36Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе!
37Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз!
38А, бул болсо, жалгандан («мен пайгамбармын» – деп) Аллахка жалган жалаа жапкан адам! Биз ага ишенбейбиз!»
39(Ошондо пайгамбар) айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»
40(Аллах) айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат.
41Чынында кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган көбүк сыяктуу кылдык. Жоголсун залым коомдор![1]
42Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык.
43Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт.
44Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор!
45Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен бир тууганы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик,
46Фараон жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту.
47Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (Исраил урпактары) биздин кулдарыбыз болсо?!» - дешти.
48Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты.
49Биз (Мусанын коому) туура жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик.
50Жана Биз Мариямдын уулу (Иса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Мариям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык.[1]
51Оо, пайгамбарлар! Таза-адал ырыскылардан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн.
52Силердин бул үммөтүңөр (негизинен) бир эле үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллахка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен – силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула!
53(Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды.
54Сен (оо, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой.[1]
55Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду
56Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат![1]
57Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер
58Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер,
59жана Раббисине шерик кылбагандар
60жана садакаларын, Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар...,
61Дал ушулар бири-бири менен жарышып,[1] жакшылыктарды кылууда башкалардан алдын болгондор.
62Биз эч бир жанга көтөрө албаган ашыкча нерсени жүктөбөйбүз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт.
63Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Куранда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат.
64Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат.
65(Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт» - (дейбиз)
66(Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер.
67(«Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Куран жөнүнүдө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр![1]
68Алар Сөзгө (Куранга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби?![1]
69Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны(н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай?!
70Же аны жинди деп жатышабы?![1] Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт.
71Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Куран менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан[1] жүз буруп жатышат!
72Оо, Мухаммад!) Же сен (ыйманга чакырыгың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү.
73Албетте, сен аларды туура жолго чакырасың.
74Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар.
75Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет.
76Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат.
77Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат.
78Ал (Аллах) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар.
79Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар.
80Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби!
81Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай)
82дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз?!
83Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес»
84Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?»
85Алар дароо: «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллахты?!»)
86Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?»
87Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллахтан?!»)
88Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ал каалаганын коргойт, ал эми кимге жамандыкты кааласа, аны эч ким тосо албайт. Эгер (башка бир ушундай болсо айткылачы) билсеңер?».
89Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?».[1]
90Жок, Биз аларга акыйкатты алып келгенбиз. Бирок, алар «жалган» деп, четке кагышты.
91Аллах (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллах (мушриктер) сыпаттагандан[1] Аруу!
92Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик!
93Айткын: «Оо, Раббим! Эгер убада кылынган азап алардын башына түшүп жатканын мага көргөзчү болсоң,
94оо, Раббим, мени залым коомдун ичинде калтырба!».
95Биз сага да (оо, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз.
96(Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз.
97Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!
98Оо, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!
99Качан алардын (каапырлардын) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «Оо, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы!
100Балким, (бул өмүрүмдө) мурда жасай албаган жакшы амалдарды жасап калаармын!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) артында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (мүрзө жашоосу) бар.
101(Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда..., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт.
102Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер.
103Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар.
104Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (куйкаланган баш сөөгүнө окшоп, эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат.
105(Оо, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле?!
106(Ошондо каапырлар) айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге (дүйнөдө) бактысыздык үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык!
107Оо, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта залымдарбыз».
108(Ошондо Аллах) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!».
109Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың» дешет.
110Силер болсо (оо, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр.
111Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер.
112(Аллах тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди.
113«Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти.
114(Аллах) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер.
115«Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?».
116Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан алыс) Бийик!
117Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллахка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт!
118Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың!».[1]