Al-Hijr

الحجر

The Rocky Tract99 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

الٓرۚ تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ وَقُرۡءَانٖ مُّبِينٖ﴿١

1Алиф, Лам, Раа.[1] Булар Китептин - Анык Курандын аяттары.

رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ كَانُواْ مُسۡلِمِينَ﴿٢

2(Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.[1]

ذَرۡهُمۡ يَأۡكُلُواْ وَيَتَمَتَّعُواْ وَيُلۡهِهِمُ ٱلۡأَمَلُۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ﴿٣

3(О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат.

وَمَآ أَهۡلَكۡنَا مِن قَرۡيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٞ مَّعۡلُومٞ﴿٤

4Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмыш(ы) келмейинче өлтүрбөдүк.

مَّا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ﴿٥

5Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт.

وَقَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِي نُزِّلَ عَلَيۡهِ ٱلذِّكۡرُ إِنَّكَ لَمَجۡنُونٞ﴿٦

6(Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Куран) түшүрүлгөн адам, сен – жиндисиң.

لَّوۡمَا تَأۡتِينَا بِٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ﴿٧

7Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти.[1]

مَا نُنَزِّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَمَا كَانُوٓاْ إِذٗا مُّنظَرِينَ﴿٨

8Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт!

إِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا ٱلذِّكۡرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ﴿٩

9«Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз».[1]

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ فِي شِيَعِ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٠

10Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз.

وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ﴿١١

11Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн.

كَذَٰلِكَ نَسۡلُكُهُۥ فِي قُلُوبِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ﴿١٢

12Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз.

لَا يُؤۡمِنُونَ بِهِۦ وَقَدۡ خَلَتۡ سُنَّةُ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٣

13(Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го!

وَلَوۡ فَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَابٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّواْ فِيهِ يَعۡرُجُونَ﴿١٤

14Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей):

لَقَالُوٓاْ إِنَّمَا سُكِّرَتۡ أَبۡصَٰرُنَا بَلۡ نَحۡنُ قَوۡمٞ مَّسۡحُورُونَ﴿١٥

15«Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет.[1]

وَلَقَدۡ جَعَلۡنَا فِي ٱلسَّمَآءِ بُرُوجٗا وَزَيَّنَّٰهَا لِلنَّٰظِرِينَ﴿١٦

16Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук.

وَحَفِظۡنَٰهَا مِن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٍ﴿١٧

17Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык. (Асманда Аллахтын кайып кабарлары бар. Жин-шайтандар ошол кабарларга жакын жолой албайт. Мунун себеби кийинки аятта.)

إِلَّا مَنِ ٱسۡتَرَقَ ٱلسَّمۡعَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ مُّبِينٞ﴿١٨

18Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт).

وَٱلۡأَرۡضَ مَدَدۡنَٰهَا وَأَلۡقَيۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ وَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَيۡءٖ مَّوۡزُونٖ﴿١٩

19Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк.

وَجَعَلۡنَا لَكُمۡ فِيهَا مَعَٰيِشَ وَمَن لَّسۡتُمۡ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ﴿٢٠

20Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык.[1]

وَإِن مِّن شَيۡءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٖ مَّعۡلُومٖ﴿٢١

21Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз.

وَأَرۡسَلۡنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَسۡقَيۡنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمۡ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ﴿٢٢

22Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды[1] жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О,инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер.[2]

وَإِنَّا لَنَحۡنُ نُحۡيِۦ وَنُمِيتُ وَنَحۡنُ ٱلۡوَٰرِثُونَ﴿٢٣

23Чынында, Биз гана тирилтип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз.[1]

وَلَقَدۡ عَلِمۡنَا ٱلۡمُسۡتَقۡدِمِينَ مِنكُمۡ وَلَقَدۡ عَلِمۡنَا ٱلۡمُسۡتَـٔۡخِرِينَ﴿٢٤

24Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз.

وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحۡشُرُهُمۡۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٞ﴿٢٥

25(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышмаи (жана) Билерман.

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ﴿٢٦

26Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.[1]

وَٱلۡجَآنَّ خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ﴿٢٧

27Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз.

وَإِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي خَٰلِقُۢ بَشَرٗا مِّن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ﴿٢٨

28(О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын.

فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ﴿٢٩

29Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла» - деди.

فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ﴿٣٠

30Бардык периштелер сажда кылышты.

إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰٓ أَن يَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ﴿٣١

31Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты.

قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ﴿٣٢

32(Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.

قَالَ لَمۡ أَكُن لِّأَسۡجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقۡتَهُۥ مِن صَلۡصَٰلٖ مِّنۡ حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ﴿٣٣

33«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.

قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ﴿٣٤

34(Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!

وَإِنَّ عَلَيۡكَ ٱللَّعۡنَةَ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ﴿٣٥

35Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ﴿٣٦

36(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ﴿٣٧

37(Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң

إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ﴿٣٨

38белгилүү убакытка чейин».

قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغۡوَيۡتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ﴿٣٩

39(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!

إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ﴿٤٠

40Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.[1]

قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَيَّ مُسۡتَقِيمٌ﴿٤١

41(Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.

إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلۡغَاوِينَ﴿٤٢

42Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).

وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوۡعِدُهُمۡ أَجۡمَعِينَ﴿٤٣

43Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!

لَهَا سَبۡعَةُ أَبۡوَٰبٖ لِّكُلِّ بَابٖ مِّنۡهُمۡ جُزۡءٞ مَّقۡسُومٌ﴿٤٤

44Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ﴿٤٥

45Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.

ٱدۡخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ﴿٤٦

46(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).

وَنَزَعۡنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنۡ غِلٍّ إِخۡوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ﴿٤٧

47Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).

لَا يَمَسُّهُمۡ فِيهَا نَصَبٞ وَمَا هُم مِّنۡهَا بِمُخۡرَجِينَ﴿٤٨

48Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.

۞ نَبِّئۡ عِبَادِيٓ أَنِّيٓ أَنَا ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ﴿٤٩

49(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!

وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ ٱلۡعَذَابُ ٱلۡأَلِيمُ﴿٥٠

50Чынында менин азабым - жан ооруткан азап!

وَنَبِّئۡهُمۡ عَن ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ﴿٥١

51(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:[1]

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗا قَالَ إِنَّا مِنكُمۡ وَجِلُونَ﴿٥٢

52Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди.

قَالُواْ لَا تَوۡجَلۡ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ﴿٥٣

53«Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз».[1]

قَالَ أَبَشَّرۡتُمُونِي عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِيَ ٱلۡكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ﴿٥٤

54(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?”

قَالُواْ بَشَّرۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلۡقَٰنِطِينَ﴿٥٥

55«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти.

قَالَ وَمَن يَقۡنَطُ مِن رَّحۡمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ﴿٥٦

56(Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат.

قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ﴿٥٧

57(Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»

قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ﴿٥٨

58Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз.

إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمۡ أَجۡمَعِينَ﴿٥٩

59Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз.

إِلَّا ٱمۡرَأَتَهُۥ قَدَّرۡنَآ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلۡغَٰبِرِينَ﴿٦٠

60Аялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык».

فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلۡمُرۡسَلُونَ﴿٦١

61Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде,

قَالَ إِنَّكُمۡ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ﴿٦٢

62Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди.

قَالُواْ بَلۡ جِئۡنَٰكَ بِمَا كَانُواْ فِيهِ يَمۡتَرُونَ﴿٦٣

63(Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик.

وَأَتَيۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ﴿٦٤

64Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз.

فَأَسۡرِ بِأَهۡلِكَ بِقِطۡعٖ مِّنَ ٱلَّيۡلِ وَٱتَّبِعۡ أَدۡبَٰرَهُمۡ وَلَا يَلۡتَفِتۡ مِنكُمۡ أَحَدٞ وَٱمۡضُواْ حَيۡثُ تُؤۡمَرُونَ﴿٦٥

65Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле».

وَقَضَيۡنَآ إِلَيۡهِ ذَٰلِكَ ٱلۡأَمۡرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰٓؤُلَآءِ مَقۡطُوعٞ مُّصۡبِحِينَ﴿٦٦

66Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»[1] жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык.

وَجَآءَ أَهۡلُ ٱلۡمَدِينَةِ يَسۡتَبۡشِرُونَ﴿٦٧

67Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти.[1]

قَالَ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ ضَيۡفِي فَلَا تَفۡضَحُونِ﴿٦٨

68(Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла!

وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُخۡزُونِ﴿٦٩

69Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди.

قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ نَنۡهَكَ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴿٧٠

70(Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»[1]

قَالَ هَٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِيٓ إِن كُنتُمۡ فَٰعِلِينَ﴿٧١

71(Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди.[1]

لَعَمۡرُكَ إِنَّهُمۡ لَفِي سَكۡرَتِهِمۡ يَعۡمَهُونَ﴿٧٢

72(О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле![1]

فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ مُشۡرِقِينَ﴿٧٣

73Анан, Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады.[1]

فَجَعَلۡنَا عَٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمۡطَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن سِجِّيلٍ﴿٧٤

74Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык!

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡمُتَوَسِّمِينَ﴿٧٥

75Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٖ مُّقِيمٍ﴿٧٦

76Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.[1]

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ﴿٧٧

77Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

وَإِن كَانَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأَيۡكَةِ لَظَٰلِمِينَ﴿٧٨

78Бак-бостон кожоюндары залым (каапыр) болушкан.[1]

فَٱنتَقَمۡنَا مِنۡهُمۡ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٖ مُّبِينٖ﴿٧٩

79Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда.

وَلَقَدۡ كَذَّبَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡحِجۡرِ ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿٨٠

80«Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]

وَءَاتَيۡنَٰهُمۡ ءَايَٰتِنَا فَكَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ﴿٨١

81Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.

وَكَانُواْ يَنۡحِتُونَ مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتًا ءَامِنِينَ﴿٨٢

82Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.

فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ مُصۡبِحِينَ﴿٨٣

83Анан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).

فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ﴿٨٤

84Жасаган нерселери аларга пайда берген жок![1]

وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّۗ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَأٓتِيَةٞۖ فَٱصۡفَحِ ٱلصَّفۡحَ ٱلۡجَمِيلَ﴿٨٥

85Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр.

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلۡخَلَّٰقُ ٱلۡعَلِيمُ﴿٨٦

86Албетте, сенин Раббиң - Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү!

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَٰكَ سَبۡعٗا مِّنَ ٱلۡمَثَانِي وَٱلۡقُرۡءَانَ ٱلۡعَظِيمَ﴿٨٧

87Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Куранды бердик.[1]

لَا تَمُدَّنَّ عَيۡنَيۡكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعۡنَا بِهِۦٓ أَزۡوَٰجٗا مِّنۡهُمۡ وَلَا تَحۡزَنۡ عَلَيۡهِمۡ وَٱخۡفِضۡ جَنَاحَكَ لِلۡمُؤۡمِنِينَ﴿٨٨

88Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллахтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын!

وَقُلۡ إِنِّيٓ أَنَا ٱلنَّذِيرُ ٱلۡمُبِينُ﴿٨٩

89Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн!

كَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَى ٱلۡمُقۡتَسِمِينَ﴿٩٠

90Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк.

ٱلَّذِينَ جَعَلُواْ ٱلۡقُرۡءَانَ عِضِينَ﴿٩١

91Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты![1]

فَوَرَبِّكَ لَنَسۡـَٔلَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ﴿٩٢

92Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.

عَمَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴿٩٣

93жасаган иштерине жараша!

فَٱصۡدَعۡ بِمَا تُؤۡمَرُ وَأَعۡرِضۡ عَنِ ٱلۡمُشۡرِكِينَ﴿٩٤

94(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!

إِنَّا كَفَيۡنَٰكَ ٱلۡمُسۡتَهۡزِءِينَ﴿٩٥

95Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.

ٱلَّذِينَ يَجۡعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۚ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ﴿٩٦

96Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.

وَلَقَدۡ نَعۡلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدۡرُكَ بِمَا يَقُولُونَ﴿٩٧

97Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.

فَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ﴿٩٨

98Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!

وَٱعۡبُدۡ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأۡتِيَكَ ٱلۡيَقِينُ﴿٩٩

99Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!

RELATED SURAHS