Al-Waqi'ah

الواقعة

The Event96 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ﴿١

1(Кыяматтык) окуя болгондо...

لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ﴿٢

2Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.

خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ﴿٣

3Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.[1]

إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا﴿٤

4Жер катуу силкинип, титирегенде...,

وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا﴿٥

5Тоолор дагы талкаланып,

فَكَانَتۡ هَبَآءٗ مُّنۢبَثّٗا﴿٦

6чаң-тозонго айланганда...,

وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجٗا ثَلَٰثَةٗ﴿٧

7Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:

فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ﴿٨

8Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ﴿٩

9Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ﴿١٠

10Алдыңкылар – алдыңкылар.

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡمُقَرَّبُونَ﴿١١

11Ошолор (Аллахка) жакын болгондор![1]

فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ﴿١٢

12Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٣

13Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.

وَقَلِيلٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ﴿١٤

14Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).

عَلَىٰ سُرُرٖ مَّوۡضُونَةٖ﴿١٥

15Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө

مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيۡهَا مُتَقَٰبِلِينَ﴿١٦

16жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.

يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ﴿١٧

17(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,

بِأَكۡوَابٖ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٖ مِّن مَّعِينٖ﴿١٨

18Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.

لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ﴿١٩

19Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.

وَفَٰكِهَةٖ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ﴿٢٠

20(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,

وَلَحۡمِ طَيۡرٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ﴿٢١

21табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).

وَحُورٌ عِينٞ﴿٢٢

22Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.

كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ﴿٢٣

23(Седепте) жашынган бермет сыяктуу!

جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴿٢٤

24Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!

لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا تَأۡثِيمًا﴿٢٥

25(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.

إِلَّا قِيلٗا سَلَٰمٗا سَلَٰمٗا﴿٢٦

26Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ﴿٢٧

27Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!

فِي سِدۡرٖ مَّخۡضُودٖ﴿٢٨

28(Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында,

وَطَلۡحٖ مَّنضُودٖ﴿٢٩

29Мөмөлүү банан бактарында,

وَظِلّٖ مَّمۡدُودٖ﴿٣٠

30Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,

وَمَآءٖ مَّسۡكُوبٖ﴿٣١

31(Шар) аккан суулар(дын боюн)да,

وَفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ﴿٣٢

32Көп мөмө-жемиштердин ичинде

لَّا مَقۡطُوعَةٖ وَلَا مَمۡنُوعَةٖ﴿٣٣

33Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1]

وَفُرُشٖ مَّرۡفُوعَةٍ﴿٣٤

34(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!

إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءٗ﴿٣٥

35Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1]

فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا﴿٣٦

36Биз аларды бикир[1] кылып жаратып,

عُرُبًا أَتۡرَابٗا﴿٣٧

37Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,

لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ﴿٣٨

38Оң тарап ээлери үчүн.

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿٣٩

39Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.

وَثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ﴿٤٠

40Акыркылардан болгон жамааттар.

وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ﴿٤١

41Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!

فِي سَمُومٖ وَحَمِيمٖ﴿٤٢

42Алар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде

وَظِلّٖ مِّن يَحۡمُومٖ﴿٤٣

43жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!

لَّا بَارِدٖ وَلَا كَرِيمٍ﴿٤٤

44Анын салкыны да жок, көркү да жок.

إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ﴿٤٥

45Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.

وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ﴿٤٦

46Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.

وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ﴿٤٧

47Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ﴿٤٨

48Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.

قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ﴿٤٩

49(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,

لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ﴿٥٠

50Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.

ثُمَّ إِنَّكُمۡ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلۡمُكَذِّبُونَ﴿٥١

51Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,

لَأٓكِلُونَ مِن شَجَرٖ مِّن زَقُّومٖ﴿٥٢

52«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!

فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ﴿٥٣

53Аны менен курсагыңарды толтуруп,

فَشَٰرِبُونَ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡحَمِيمِ﴿٥٤

54Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.

فَشَٰرِبُونَ شُرۡبَ ٱلۡهِيمِ﴿٥٥

55Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»

هَٰذَا نُزُلُهُمۡ يَوۡمَ ٱلدِّينِ﴿٥٦

56Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!

نَحۡنُ خَلَقۡنَٰكُمۡ فَلَوۡلَا تُصَدِّقُونَ﴿٥٧

57(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!

أَفَرَءَيۡتُم مَّا تُمۡنُونَ﴿٥٨

58Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?

ءَأَنتُمۡ تَخۡلُقُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡخَٰلِقُونَ﴿٥٩

59Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?

نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَيۡنَكُمُ ٱلۡمَوۡتَ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ﴿٦٠

60Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمۡثَٰلَكُمۡ وَنُنشِئَكُمۡ فِي مَا لَا تَعۡلَمُونَ﴿٦١

61Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.

وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُولَىٰ فَلَوۡلَا تَذَكَّرُونَ﴿٦٢

62Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?![1]

أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَحۡرُثُونَ﴿٦٣

63Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:

ءَأَنتُمۡ تَزۡرَعُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلزَّٰرِعُونَ﴿٦٤

64Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?

لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَٰهُ حُطَٰمٗا فَظَلۡتُمۡ تَفَكَّهُونَ﴿٦٥

65Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:

إِنَّا لَمُغۡرَمُونَ﴿٦٦

66«Чынында биз зыянга баттык!

بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ﴿٦٧

67(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلۡمَآءَ ٱلَّذِي تَشۡرَبُونَ﴿٦٨

68Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:

ءَأَنتُمۡ أَنزَلۡتُمُوهُ مِنَ ٱلۡمُزۡنِ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنزِلُونَ﴿٦٩

69Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!

لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنَٰهُ أُجَاجٗا فَلَوۡلَا تَشۡكُرُونَ﴿٧٠

70Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي تُورُونَ﴿٧١

71Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?

ءَأَنتُمۡ أَنشَأۡتُمۡ شَجَرَتَهَآ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنشِـُٔونَ﴿٧٢

72Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?

نَحۡنُ جَعَلۡنَٰهَا تَذۡكِرَةٗ وَمَتَٰعٗا لِّلۡمُقۡوِينَ﴿٧٣

73Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ﴿٧٤

74Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!

۞ فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ﴿٧٥

75Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.

وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٞ لَّوۡ تَعۡلَمُونَ عَظِيمٌ﴿٧٦

76Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.

إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٞ كَرِيمٞ﴿٧٧

77Ал – Улук Куран!

فِي كِتَٰبٖ مَّكۡنُونٖ﴿٧٨

78Сакталган-жашыруун Китепте![1]

لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ﴿٧٩

79Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1]

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴿٨٠

80Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.

أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ﴿٨١

81Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!

وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ﴿٨٢

82Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!

فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ﴿٨٣

83(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,

وَأَنتُمۡ حِينَئِذٖ تَنظُرُونَ﴿٨٤

84Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.

وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ﴿٨٥

85(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.

فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ﴿٨٦

86Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,

تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ﴿٨٧

87(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!

فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ﴿٨٨

88Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,

فَرَوۡحٞ وَرَيۡحَانٞ وَجَنَّتُ نَعِيمٖ﴿٨٩

89(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ﴿٩٠

90Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,

فَسَلَٰمٞ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ﴿٩١

91Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ﴿٩٢

92Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,

فَنُزُلٞ مِّنۡ حَمِيمٖ﴿٩٣

93Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,

وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ﴿٩٤

94Тозокко ташталат!

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ﴿٩٥

95Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ﴿٩٦

96Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!

RELATED SURAHS