At-Tariq

الطارق

The Night Comer17 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ﴿١

1Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ﴿٢

2(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.

ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ﴿٣

3Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.

إِن كُلُّ نَفۡسٖ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٞ﴿٤

4Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.

فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ﴿٥

5Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!

خُلِقَ مِن مَّآءٖ دَافِقٖ﴿٦

6Атырылган (бел) суудан жаратылган.

يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ﴿٧

7(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.

إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٞ﴿٨

8Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!

يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ﴿٩

9Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.

فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٖ وَلَا نَاصِرٖ﴿١٠

10(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.[1]

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ﴿١١

11Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!

وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ﴿١٢

12Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:

إِنَّهُۥ لَقَوۡلٞ فَصۡلٞ﴿١٣

13Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!

وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ﴿١٤

14Азил-тамаша (сөз) эмес!

إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدٗا﴿١٥

15Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.

وَأَكِيدُ كَيۡدٗا﴿١٦

16Мен дагы амалкерлик кыламын.

فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا﴿١٧

17Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.[1]

RELATED SURAHS