As-Saffat

الصافات

Those Ranged in Ranks182 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفّٗا﴿١

1Сап тартып турган периштелерге ант!

فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجۡرٗا﴿٢

2(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!

فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكۡرًا﴿٣

3(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!

إِنَّ إِلَٰهَكُمۡ لَوَٰحِدٞ﴿٤

4Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَرَبُّ ٱلۡمَشَٰرِقِ﴿٥

5(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!

إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِزِينَةٍ ٱلۡكَوَاكِبِ﴿٦

6Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.

وَحِفۡظٗا مِّن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ مَّارِدٖ﴿٧

7Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.

لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٖ﴿٨

8Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.

دُحُورٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ وَاصِبٌ﴿٩

9(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.

إِلَّا مَنۡ خَطِفَ ٱلۡخَطۡفَةَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ ثَاقِبٞ﴿١٠

10Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).

فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَهُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَم مَّنۡ خَلَقۡنَآۚ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّن طِينٖ لَّازِبِۭ﴿١١

11Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.

بَلۡ عَجِبۡتَ وَيَسۡخَرُونَ﴿١٢

12Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.

وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذۡكُرُونَ﴿١٣

13Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.

وَإِذَا رَأَوۡاْ ءَايَةٗ يَسۡتَسۡخِرُونَ﴿١٤

14Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.

وَقَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٌ﴿١٥

15Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет.

أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ﴿١٦

16(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ﴿١٧

17Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.

قُلۡ نَعَمۡ وَأَنتُمۡ دَٰخِرُونَ﴿١٨

18Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).

فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ فَإِذَا هُمۡ يَنظُرُونَ﴿١٩

19Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»

وَقَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا هَٰذَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ﴿٢٠

20Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)

هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ﴿٢١

21«Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»

۞ ٱحۡشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزۡوَٰجَهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَعۡبُدُونَ﴿٢٢

22«Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!

مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهۡدُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡجَحِيمِ﴿٢٣

23Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!

وَقِفُوهُمۡۖ إِنَّهُم مَّسۡـُٔولُونَ﴿٢٤

24Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат:

مَا لَكُمۡ لَا تَنَاصَرُونَ﴿٢٥

25«Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!».[1]

بَلۡ هُمُ ٱلۡيَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُونَ﴿٢٦

26Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!

وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ﴿٢٧

27(Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.

قَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَأۡتُونَنَا عَنِ ٱلۡيَمِينِ﴿٢٨

28(Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»

قَالُواْ بَل لَّمۡ تَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ﴿٢٩

29(Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.

وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭۖ بَلۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا طَٰغِينَ﴿٣٠

30Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.

فَحَقَّ عَلَيۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَآۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ﴿٣١

31Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.

فَأَغۡوَيۡنَٰكُمۡ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ﴿٣٢

32Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».

فَإِنَّهُمۡ يَوۡمَئِذٖ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ﴿٣٣

33Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ﴿٣٤

34Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз!

إِنَّهُمۡ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسۡتَكۡبِرُونَ﴿٣٥

35(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.

وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٖ مَّجۡنُونِۭ﴿٣٦

36Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).

بَلۡ جَآءَ بِٱلۡحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿٣٧

37Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган![1]

إِنَّكُمۡ لَذَآئِقُواْ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَلِيمِ﴿٣٨

38(Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!

وَمَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ﴿٣٩

39Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ﴿٤٠

40Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,

أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ رِزۡقٞ مَّعۡلُومٞ﴿٤١

41Аларга белгиленген ырыскылар бар.

فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكۡرَمُونَ﴿٤٢

42Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,

فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ﴿٤٣

43Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,

عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ﴿٤٤

44(Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат).

يُطَافُ عَلَيۡهِم بِكَأۡسٖ مِّن مَّعِينِۭ﴿٤٥

45Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.

بَيۡضَآءَ لَذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ﴿٤٦

46Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,

لَا فِيهَا غَوۡلٞ وَلَا هُمۡ عَنۡهَا يُنزَفُونَ﴿٤٧

47Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.

وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ عِينٞ﴿٤٨

48Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.

كَأَنَّهُنَّ بَيۡضٞ مَّكۡنُونٞ﴿٤٩

49Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!

فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ﴿٥٠

50(Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.

قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٞ﴿٥١

51Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.

يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُصَدِّقِينَ﴿٥٢

52Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?

أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ﴿٥٣

53Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)

قَالَ هَلۡ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ﴿٥٤

54«Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.

فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِي سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ﴿٥٥

55Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)

قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرۡدِينِ﴿٥٦

56«Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!

وَلَوۡلَا نِعۡمَةُ رَبِّي لَكُنتُ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ﴿٥٧

57Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!

أَفَمَا نَحۡنُ بِمَيِّتِينَ﴿٥٨

58Биз өлбөптүрбүзбү?[1]

إِلَّا مَوۡتَتَنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ﴿٥٩

59Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ﴿٦٠

60Албетте, бул чоң жеңиш.

لِمِثۡلِ هَٰذَا فَلۡيَعۡمَلِ ٱلۡعَٰمِلُونَ﴿٦١

61Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

أَذَٰلِكَ خَيۡرٞ نُّزُلًا أَمۡ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ﴿٦٢

62(Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?[1]

إِنَّا جَعَلۡنَٰهَا فِتۡنَةٗ لِّلظَّٰلِمِينَ﴿٦٣

63Биз аны залымдарга сыноо[1] болушу үчүн жараттык.

إِنَّهَا شَجَرَةٞ تَخۡرُجُ فِيٓ أَصۡلِ ٱلۡجَحِيمِ﴿٦٤

64Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.

طَلۡعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ﴿٦٥

65Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.

فَإِنَّهُمۡ لَأٓكِلُونَ مِنۡهَا فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ﴿٦٦

66Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.

ثُمَّ إِنَّ لَهُمۡ عَلَيۡهَا لَشَوۡبٗا مِّنۡ حَمِيمٖ﴿٦٧

67Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет![1]

ثُمَّ إِنَّ مَرۡجِعَهُمۡ لَإِلَى ٱلۡجَحِيمِ﴿٦٨

68Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!

إِنَّهُمۡ أَلۡفَوۡاْ ءَابَآءَهُمۡ ضَآلِّينَ﴿٦٩

69Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.

فَهُمۡ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ يُهۡرَعُونَ﴿٧٠

70Ошолордун изинен чуркап кетишти.

وَلَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَهُمۡ أَكۡثَرُ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿٧١

71Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ﴿٧٢

72Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.[1]

فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ﴿٧٣

73Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ﴿٧٤

74Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.

وَلَقَدۡ نَادَىٰنَا نُوحٞ فَلَنِعۡمَ ٱلۡمُجِيبُونَ﴿٧٥

75(Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.

وَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ﴿٧٦

76Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын)[1] чоң балээден куткардык.

وَجَعَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلۡبَاقِينَ﴿٧٧

77Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ﴿٧٨

78Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.

سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٖ فِي ٱلۡعَٰلَمِينَ﴿٧٩

79Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ﴿٨٠

80Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴿٨١

81Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.

ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ﴿٨٢

82Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.

۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبۡرَٰهِيمَ﴿٨٣

83Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.

إِذۡ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلۡبٖ سَلِيمٍ﴿٨٤

84Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.

إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَاذَا تَعۡبُدُونَ﴿٨٥

85(Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!

أَئِفۡكًا ءَالِهَةٗ دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ﴿٨٦

86Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!

فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴿٨٧

87Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)

فَنَظَرَ نَظۡرَةٗ فِي ٱلنُّجُومِ﴿٨٨

88Жылдыздарга бир карап алып:

فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٞ﴿٨٩

89«Мен ооруп турам» – деди.

فَتَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ مُدۡبِرِينَ﴿٩٠

90Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.

فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمۡ فَقَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ﴿٩١

91Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,

مَا لَكُمۡ لَا تَنطِقُونَ﴿٩٢

92Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.

فَرَاغَ عَلَيۡهِمۡ ضَرۡبَۢا بِٱلۡيَمِينِ﴿٩٣

93Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).

فَأَقۡبَلُوٓاْ إِلَيۡهِ يَزِفُّونَ﴿٩٤

94(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)

قَالَ أَتَعۡبُدُونَ مَا تَنۡحِتُونَ﴿٩٥

95Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ﴿٩٦

96Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан!

قَالُواْ ٱبۡنُواْ لَهُۥ بُنۡيَٰنٗا فَأَلۡقُوهُ فِي ٱلۡجَحِيمِ﴿٩٧

97(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!

فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدٗا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ﴿٩٨

98Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]

وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّي سَيَهۡدِينِ﴿٩٩

99(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)

رَبِّ هَبۡ لِي مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ﴿١٠٠

100«Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».

فَبَشَّرۡنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٖ﴿١٠١

101Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.

فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعۡيَ قَالَ يَٰبُنَيَّ إِنِّيٓ أَرَىٰ فِي ٱلۡمَنَامِ أَنِّيٓ أَذۡبَحُكَ فَٱنظُرۡ مَاذَا تَرَىٰۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُۖ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ﴿١٠٢

102Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».

فَلَمَّآ أَسۡلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلۡجَبِينِ﴿١٠٣

103Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…

وَنَٰدَيۡنَٰهُ أَن يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ﴿١٠٤

104«Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.

قَدۡ صَدَّقۡتَ ٱلرُّءۡيَآۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ﴿١٠٥

105Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡبَلَٰٓؤُاْ ٱلۡمُبِينُ﴿١٠٦

106Чынында, бул анык сыноо болгон.

وَفَدَيۡنَٰهُ بِذِبۡحٍ عَظِيمٖ﴿١٠٧

107Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.[1]

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ﴿١٠٨

108Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ﴿١٠٩

109Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!

كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ﴿١١٠

110Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴿١١١

111Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.

وَبَشَّرۡنَٰهُ بِإِسۡحَٰقَ نَبِيّٗا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ﴿١١٢

112Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.

وَبَٰرَكۡنَا عَلَيۡهِ وَعَلَىٰٓ إِسۡحَٰقَۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحۡسِنٞ وَظَالِمٞ لِّنَفۡسِهِۦ مُبِينٞ﴿١١٣

113Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.

وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ﴿١١٤

114Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.

وَنَجَّيۡنَٰهُمَا وَقَوۡمَهُمَا مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ﴿١١٥

115Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.

وَنَصَرۡنَٰهُمۡ فَكَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ﴿١١٦

116Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.

وَءَاتَيۡنَٰهُمَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلۡمُسۡتَبِينَ﴿١١٧

117Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,

وَهَدَيۡنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ﴿١١٨

118Туура жолго баштадык.

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِمَا فِي ٱلۡأٓخِرِينَ﴿١١٩

119Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ﴿١٢٠

120Муса менен Харунга салам болсун!

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ﴿١٢١

121Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

إِنَّهُمَا مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴿١٢٢

122Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.

وَإِنَّ إِلۡيَاسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿١٢٣

123Иляс дагы пайгамбарлардан эле.[1]

إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ﴿١٢٤

124Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

أَتَدۡعُونَ بَعۡلٗا وَتَذَرُونَ أَحۡسَنَ ٱلۡخَٰلِقِينَ﴿١٢٥

125Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!

ٱللَّهَ رَبَّكُمۡ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٢٦

126Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»

فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ﴿١٢٧

127Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ﴿١٢٨

128Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).

وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ﴿١٢٩

129Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلۡ يَاسِينَ﴿١٣٠

130Иляска (Аллахтан) салам болсун!

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ﴿١٣١

131Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴿١٣٢

132Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.

وَإِنَّ لُوطٗا لَّمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿١٣٣

133Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.

إِذۡ نَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ﴿١٣٤

134Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.

إِلَّا عَجُوزٗا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ﴿١٣٥

135Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).

ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ﴿١٣٦

136Анан Биз башкаларды кыйраттык.

وَإِنَّكُمۡ لَتَمُرُّونَ عَلَيۡهِم مُّصۡبِحِينَ﴿١٣٧

137(Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен

وَبِٱلَّيۡلِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ﴿١٣٨

138жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿١٣٩

139Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.

إِذۡ أَبَقَ إِلَى ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ﴿١٤٠

140Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1]

فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ﴿١٤١

141Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.

فَٱلۡتَقَمَهُ ٱلۡحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٞ﴿١٤٢

142Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.

فَلَوۡلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُسَبِّحِينَ﴿١٤٣

143Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,

لَلَبِثَ فِي بَطۡنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ﴿١٤٤

144Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.

۞ فَنَبَذۡنَٰهُ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٞ﴿١٤٥

145Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1]

وَأَنۢبَتۡنَا عَلَيۡهِ شَجَرَةٗ مِّن يَقۡطِينٖ﴿١٤٦

146Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1]

وَأَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلۡفٍ أَوۡ يَزِيدُونَ﴿١٤٧

147Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.

فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٖ﴿١٤٨

148Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.

فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَلِرَبِّكَ ٱلۡبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلۡبَنُونَ﴿١٤٩

149(Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1]

أَمۡ خَلَقۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثٗا وَهُمۡ شَٰهِدُونَ﴿١٥٠

150Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!

أَلَآ إِنَّهُم مِّنۡ إِفۡكِهِمۡ لَيَقُولُونَ﴿١٥١

151Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:

وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ﴿١٥٢

152«Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!

أَصۡطَفَى ٱلۡبَنَاتِ عَلَى ٱلۡبَنِينَ﴿١٥٣

153(Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!

مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ﴿١٥٤

154Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!

أَفَلَا تَذَكَّرُونَ﴿١٥٥

155(Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!

أَمۡ لَكُمۡ سُلۡطَٰنٞ مُّبِينٞ﴿١٥٦

156Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)

فَأۡتُواْ بِكِتَٰبِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ﴿١٥٧

157(Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!

وَجَعَلُواْ بَيۡنَهُۥ وَبَيۡنَ ٱلۡجِنَّةِ نَسَبٗاۚ وَلَقَدۡ عَلِمَتِ ٱلۡجِنَّةُ إِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ﴿١٥٨

158Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!

سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ﴿١٥٩

159Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!

إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ﴿١٦٠

160Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).

فَإِنَّكُمۡ وَمَا تَعۡبُدُونَ﴿١٦١

161(Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ بِفَٰتِنِينَ﴿١٦٢

162эч кимди адаштыра албайсыңар!

إِلَّا مَنۡ هُوَ صَالِ ٱلۡجَحِيمِ﴿١٦٣

163(Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).

وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٞ مَّعۡلُومٞ﴿١٦٤

164(Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.

وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلصَّآفُّونَ﴿١٦٥

165Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.

وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلۡمُسَبِّحُونَ﴿١٦٦

166Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).

وَإِن كَانُواْ لَيَقُولُونَ﴿١٦٧

167Алар айтышат:

لَوۡ أَنَّ عِندَنَا ذِكۡرٗا مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٦٨

168«Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,

لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ﴿١٦٩

169Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».

فَكَفَرُواْ بِهِۦۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ﴿١٧٠

170Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.

وَلَقَدۡ سَبَقَتۡ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿١٧١

171Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:

إِنَّهُمۡ لَهُمُ ٱلۡمَنصُورُونَ﴿١٧٢

172«Чынында алар гана жардам берилген адамдар!

وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلۡغَٰلِبُونَ﴿١٧٣

173Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٖ﴿١٧٤

174Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!

وَأَبۡصِرۡهُمۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ﴿١٧٥

175Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ﴿١٧٦

176Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?![1]

فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمۡ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلۡمُنذَرِينَ﴿١٧٧

177Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!

وَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٖ﴿١٧٨

178Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!

وَأَبۡصِرۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ﴿١٧٩

179Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

سُبۡحَٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلۡعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ﴿١٨٠

180Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!

وَسَلَٰمٌ عَلَى ٱلۡمُرۡسَلِينَ﴿١٨١

181Пайгамбарларга салам болсун!

وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴿١٨٢

182Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!

RELATED SURAHS