ص
Sad • 88 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Сод.[1] Даңазалуу Куранга[2] ант:
2Бирок, каапырлар (Куранга каршы) текеберликте жана душманчылыкта.
3Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу.
4Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы!
5Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти.[1]
6Алардын чоңдору чыгып: «Жүргүлө (кеттик) өзүңөрдүн кудайыңарга сабыр менен (бекем) тургула! Бул (жоругу менен анын бийликке жетүүсү) максат кылынган.
7Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук.
8Биздин арабыздан (адам калбагансып) Зикир-Куран ушуга түшүрүлүптүрбү?!» – (дешти). Жок! Алар Менин Зикир-Куранымдан шектенишүүдө. Балким, алар азапты татып көрбөгөн(дөн улам ушинтип жатышкандыр).
9Же кудуреттүү, Берешен Раббиңдин Ырайым казыналары алардын ыктыярындабы?!
10Же асмандар менен жердин жана экөөсүнүн арасындагы нерселердин падышалыгы алардын колундабы?! Анда, себептерин таап (асманга) көтөрүлүшсүн (жана, эгер колдорунан келсе Мухаммадга түшүрүлүп жаткан Аллахтын Ырайымын кыркып салышсын!)
11Алар ал жер, бул жердеги (уюгушкан) топтордон турган жеңилген аскерлер.
12Алардан мурун да Нухтун (каапыр) коому (Нухту), Аад элдери (Худ пайгамбарды), казыктардын кожоюну Фараон (Мусаны),
13Самуд коому (Салихти), Лут коому (Лутту), бак-бостон элдери (Шуайбды) жалганчы кылышкан. Ошолор дагы уюшкан топтор эле.
14Бардыгы пайгамбарларды «жалганчы» дешкен убакта Менин азабым (аларга) хакк (ылайык) болду.
15Булар (Мекке каапырлары) эч кайтарып болбой турган бир гана ач айкырыкты[1] гана күтүп жатышат.
16Жана алар «Оо, Рабби бизге өзүбүздүн (азаптан турган) тиешебизди Эсеп Күндөн мурун эле тездетип бере бер» - дешти.[1]
17Алардын сөздөрүнө сабыр кыл жана күч-кубаттуу пендебиз Даудду эсте. Ал (Аллахка) өтө берилген пенде болчу.
18Биз ага, аны менен бирге эртели-кеч тасбих айта турган тоолорду моюн сундурдук.
19Жана топ-топ куштарды да (моюн сундурдук. Бардыгы (тоо-таш жана куштар) ага моюн сунган эле.[1]
20Жана Биз анын мүлк-бийлигин бекем кылдык, Хикмат (даанышмандык) жана өтүмдүү (өкүмдүү) Сөз бердик.
21Сага (оо, Мухаммад), талашкан адамдардын кабары келди беле? Ошондо, алар (эки маселе талашкан адам ибадатканадагы) мээрапка дубал ашып,
22капыстан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. «Коркпогун – дешти алар-биз бири экинчисине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба! Жана бизди туура жолго башта!»
23«Бул менин өз бурадарым (деди бирөөсү), анын токсон тогуз соолук коюу бар. Менин коюм бирөө гана. Анан бул: «Муну да мага бер» – деп (алып койду) жана сөздө мени жеңип алды».
24(Дауд муну угар замат шашылып): «Сенин (бир) коюңду сурап (өзүнүн койлоруна кошуп) алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар (андай эмес). Алар өтө сейрек» деди. (Ошондо) Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап,[1] рукуу, тообо кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады.
25Биз ал үчүн бул (күнөө) ишти кечирдик. Чынында, Бизди алдыбызга ага ынактык-жакындык жана жакшы акыбет бар.
26О, Дауд! Биз сени жер бетинде (Өзүбүздөн) халифа-орунбасар кылдык. Эми, адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиңдин каалоолоруна ээрчибе – Аллахтын жолунан адаштырып жиберет. Ал эми, Аллахтын жолунан адашкандарга унуткандары себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар.
27Биз асман менен жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратпадык. Бул – каапырлардын ойлогону. Каапырларга тозоктогу «увайл» азабы болсун!
28Же биз ыйман келтирип, салих амал кылгандарды жер бетинде бузукулук кылуучулар менен тең кылат бекенбиз?! Же болбосо такыба кишилерди ыпыластар менен тең кылат бекенбиз?!
29Биз сага бул берекеттүү (Куран) Китепти анын аяттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк.[1]
30Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!
31Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү.
32(Ошондо ал): "Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп каган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр" – деди.[1]
33Ошол (мени алагды кылган) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады.[1]
34Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тообо кылды.[1]
35(Жана) айтты: «Оо, Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин (Кыяматка чейин) эч кимге берилбей турган бийлик бер! Албетте, сен Берешен Затсың!
36(Дубасын кабыл кылгандан) кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына шуулдап жүрө турган шамалды,
37Бардык куруучу, деңизге чумкуучу жин-шайтандарды,
38Жана алардан башка (азоо) жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп (кызматчы кылып) бердик.
39(Жана айттык:) «Биздин берешендигибиз - ушул (кааласаң) сен дагы (башкаларга) бер, (каалабасаң) бербе. (Бул боюнча) сага эсеп-кысап жок!
40Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар!
41(Оо, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Аюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды.[1]
42«Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллах).[1]
43Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик.
44(Оо, Аюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба![1] Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал (Аюб) эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!
45Сен (оо, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин.
46Биз аларды (өзгөчө бир) касиет – Акыретти эстөө менен ыкластуу кылдык.
47Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан.
48Жана (бул китепте) Исмаилди, Аль-Ясаъны, жана Зулкифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер.
49Ушул – (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет бар.
50(жана) «адн» бейиштери дагы бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу.[1]
51Алар бейиште(ги сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат.
52Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат.
53Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер – ушул.
54Бул – биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз.
55Ушул (сыйлыктар такыба кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар.
56Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун!
57(Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла!
58Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет:)
59«Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Буларга амандык жок! Алар тозокко ташталат!»
60«Өзүңөргө амандык жок! – дешет (беркилер) – бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун!
61Оо, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет:)
62«Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз.
63Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?»
64Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат.
65(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу!
66Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү!
67(Мушриктерге) айт: «Бул (Куран) – Улук кабар.
68Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар.
69Жогорку асмандагы периштелердин (Адам атанын жаратылуу окуясы учурунда болгон) талашып-тартышуусу жөнүндө менде илим жок болчу.[1]
70Мен силерге эскертүүчү-пайгамбар (жана Аллахтын шариятын анык) баяндоочу болгонум үчүн гана ал илимдер мага вахий кылынууда.
71Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын.
72Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди.
73Бардык периштелер сажда кылышты.
74Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду.
75(Аллах): «Оо, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!» – деди.
76«Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың» – деди (Иблис).
77(Аллах) айтты: «Эми сен андан (бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың!
78Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!»
79(Иблис) айтты: «Оо, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!»
80(Аллах): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.
81Белгилүү убакыттын күнүнө чейин» – деди.
82(Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын.
83Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт».
84(Аллах) айтты: «Чын-чынын айтамын:
85Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»
86Айт: «Мен анын (Куранды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин.
87Бул (Куран) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес.
88Анын кабарын(ын чындык экенин) бир аздан кийин (кыяматта) билип аласыңар!