البروج
The Great Stars • 22 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Мен топ жылдыздар мекени – асманга ант ичип,
2Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип.
3(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын):
4Чуңкур ээлерине – өлүм болсун![1]
5(Ал чуңкур) отундуу жалын!
6Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан!
7Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан!
8(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллахка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты![1]
9Ал асмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллах ар бир нерсеге Күбө!
10Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тообо кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар!
11Ал эми, (Аллахка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул – чоң жеңиш!
12Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу!
13Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат.
14Ал – Кечиримдуу, (жана) Вадууд![1]
15(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук!
16Каалаганын жасоочу!
17(Оо, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин,
18Фараондун жана Самуд коомунун кабары келди беле?
19Жок, каапырлар (дагы эле, Куранды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө.
20Аллах болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат.
21Аныгында ал - Улуу Куран! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал:)
22Лавхул- Махфузда!