Al-Inshiqaq

الانشقاق

The Splitting Open25 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنشَقَّتۡ﴿١

1Күтүүсүздөн асман жарылды!

وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ﴿٢

2Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!

وَإِذَا ٱلۡأَرۡضُ مُدَّتۡ﴿٣

3Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,

وَأَلۡقَتۡ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتۡ﴿٤

4ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!

وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ﴿٥

5Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу![1]

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدۡحٗا فَمُلَٰقِيهِ﴿٦

6О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың.[1]

فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ﴿٧

7Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,

فَسَوۡفَ يُحَاسَبُ حِسَابٗا يَسِيرٗا﴿٨

8өтө жеңил суралат.

وَيَنقَلِبُ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورٗا﴿٩

9жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.

وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ وَرَآءَ ظَهۡرِهِۦ﴿١٠

10Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,

فَسَوۡفَ يَدۡعُواْ ثُبُورٗا﴿١١

11(өзүнө) өлүм чакырат.

وَيَصۡلَىٰ سَعِيرًا﴿١٢

12Жана тозокко ташталат!

إِنَّهُۥ كَانَ فِيٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورًا﴿١٣

13Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.

إِنَّهُۥ ظَنَّ أَن لَّن يَحُورَ﴿١٤

14Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.

بَلَىٰٓۚ إِنَّ رَبَّهُۥ كَانَ بِهِۦ بَصِيرٗا﴿١٥

15Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!

فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلشَّفَقِ﴿١٦

16Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,

وَٱلَّيۡلِ وَمَا وَسَقَ﴿١٧

17түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...

وَٱلۡقَمَرِ إِذَا ٱتَّسَقَ﴿١٨

18Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):

لَتَرۡكَبُنَّ طَبَقًا عَن طَبَقٖ﴿١٩

19(Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер![1]

فَمَا لَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ﴿٢٠

20Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!

وَإِذَا قُرِئَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقُرۡءَانُ لَا يَسۡجُدُونَۤ۩﴿٢١

21Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?![1]

بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُكَذِّبُونَ﴿٢٢

22Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!

وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يُوعُونَ﴿٢٣

23Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.

فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ﴿٢٤

24(Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!

إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونِۭ﴿٢٥

25А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!

RELATED SURAHS