Al-Mutaffifin

المطففين

The Defrauders36 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَيۡلٞ لِّلۡمُطَفِّفِينَ﴿١

1Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!

ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكۡتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسۡتَوۡفُونَ﴿٢

2Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,

وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ يُخۡسِرُونَ﴿٣

3Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.

أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبۡعُوثُونَ﴿٤

4Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?

لِيَوۡمٍ عَظِيمٖ﴿٥

5Улуу Күн – Кыяматта!

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ﴿٦

6Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٖ﴿٧

7Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سِجِّينٞ﴿٨

8(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң![1]

كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ﴿٩

9Ал – жазылган китеп.

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿١٠

10Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!

ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ﴿١١

11Алар сурак күндү жалган дегендер.

وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ﴿١٢

12Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.

إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٣

13А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.

كَلَّاۖ بَلۡۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ﴿١٤

14Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.[1]

كَلَّآ إِنَّهُمۡ عَن رَّبِّهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّمَحۡجُوبُونَ﴿١٥

15Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.[1]

ثُمَّ إِنَّهُمۡ لَصَالُواْ ٱلۡجَحِيمِ﴿١٦

16Андан соң, алар тозокко ташталышат.

ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ﴿١٧

17Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡأَبۡرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ﴿١٨

18Чынында, жакшы пенделердин китептери[1] «Иллийюнда».

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ﴿١٩

19(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.[1]

كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ﴿٢٠

20Ал – жазылган китеп.

يَشۡهَدُهُ ٱلۡمُقَرَّبُونَ﴿٢١

21Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.

إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٍ﴿٢٢

22Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.

عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ﴿٢٣

23Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِهِمۡ نَضۡرَةَ ٱلنَّعِيمِ﴿٢٤

24Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.

يُسۡقَوۡنَ مِن رَّحِيقٖ مَّخۡتُومٍ﴿٢٥

25Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.

خِتَٰمُهُۥ مِسۡكٞۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلۡيَتَنَافَسِ ٱلۡمُتَنَٰفِسُونَ﴿٢٦

26Ал шараптын сактагычы - «миск».[1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!

وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسۡنِيمٍ﴿٢٧

27Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».

عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا ٱلۡمُقَرَّبُونَ﴿٢٨

28(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.

إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ كَانُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَضۡحَكُونَ﴿٢٩

29Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.

وَإِذَا مَرُّواْ بِهِمۡ يَتَغَامَزُونَ﴿٣٠

30(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.

وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمُ ٱنقَلَبُواْ فَكِهِينَ﴿٣١

31Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.

وَإِذَا رَأَوۡهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ﴿٣٢

32Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.

وَمَآ أُرۡسِلُواْ عَلَيۡهِمۡ حَٰفِظِينَ﴿٣٣

33Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!

فَٱلۡيَوۡمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنَ ٱلۡكُفَّارِ يَضۡحَكُونَ﴿٣٤

34Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.

عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ﴿٣٥

35Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

هَلۡ ثُوِّبَ ٱلۡكُفَّارُ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ﴿٣٦

36Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!

RELATED SURAHS