الانفطار
The Cleaving • 19 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Асман жарылып,
2Жылдыздар төгүлүп,
3деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда...
4Жана мүрзөлөр оодарылганда...
5(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат.[1]
6Оо, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду?!
7Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле!
8Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган!
9Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер!
10Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар!
11(Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар!
12Силердин бардык ишиңерди билип турушат.
13Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде.[1]
14Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат!
15Алар ага (тозокко) сурак күнү ташталат!
16Анан андан чыга алышпайт!
17(Оо, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?
18Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?[1]
19Ал күнү (Аллахтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллахтын ыктыярында!