التكوير
The Overthrowing • 29 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Күн оролуп (нуру жоголуп),
2жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,
3Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,
4курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,[1]
5жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,[1]
6деңиздер жанып – от болуп,
7жандар бири-бирине коштолуп…[1]
8Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -
9Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...[1]
10Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,
11асман сыйрылып алынганда...
12Тозок (катуу) кызытылып,
13Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…
14(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.
15Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,
16(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,
17(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,
18агарган таңга ант ичип (айтамын):
19Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү![1]
20Арш Ээсинин[1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.
21Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.
22(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.
23Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.
24Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.[1]
25Жана ал[1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес![2]
26Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!
27Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!
28Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)
29Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!