'Abasa

عبس

He Frowned42 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ﴿١

1(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды,[1]

أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ﴿٢

2алдына (маселе сурап) сокур киши келгенде.

وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ﴿٣

3(Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр!

أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ﴿٤

4Же болбосо, (Аллах тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр?!

أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ﴿٥

5Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)

فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ﴿٦

6сен ошо(лор)го бурулуп алдың!

وَمَا عَلَيۡكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ﴿٧

7(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң.

وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسۡعَىٰ﴿٨

8Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам…

وَهُوَ يَخۡشَىٰ﴿٩

9(Аллахтан жана кыямат күндөн) коркот эле.

فَأَنتَ عَنۡهُ تَلَهَّىٰ﴿١٠

10Сен андан алагды болуп калдың!

كَلَّآ إِنَّهَا تَذۡكِرَةٞ﴿١١

11Жок! (Оо, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллах тарабынан) эскерме-сабак.

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ﴿١٢

12Ким кааласа – аны эскерет.[1]

فِي صُحُفٖ مُّكَرَّمَةٖ﴿١٣

13(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да,

مَّرۡفُوعَةٖ مُّطَهَّرَةِۭ﴿١٤

14(Лавхул Махфуз) Таза–Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору.

بِأَيۡدِي سَفَرَةٖ﴿١٥

15(Жана) периштелердин колунда.

كِرَامِۭ بَرَرَةٖ﴿١٦

16(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)

قُتِلَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَآ أَكۡفَرَهُۥ﴿١٧

17Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты?!

مِنۡ أَيِّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥ﴿١٨

18Ал (Аллах) аны эмнеден жаратты эле?!

مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ﴿١٩

19Бир тамчы (бел) суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган.

ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ﴿٢٠

20Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду[1] оңой кылып берди.

ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقۡبَرَهُۥ﴿٢١

21Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду.

ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ﴿٢٢

22Андан соң Өзү каалаган кезде (кыяматта) кайрадан тирилтип алат.

كَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ﴿٢٣

23Жок! Ал өзүнө (Аллах) буюрган парыздарды эч аткарбады!

فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ﴿٢٤

24Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы?![1]

أَنَّا صَبَبۡنَا ٱلۡمَآءَ صَبّٗا﴿٢٥

25Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык!

ثُمَّ شَقَقۡنَا ٱلۡأَرۡضَ شَقّٗا﴿٢٦

26Андан соң жерди жарып,

فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا حَبّٗا﴿٢٧

27(ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк:

وَعِنَبٗا وَقَضۡبٗا﴿٢٨

28жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү,

وَزَيۡتُونٗا وَنَخۡلٗا﴿٢٩

29зайтундарды, курмаларды,

وَحَدَآئِقَ غُلۡبٗا﴿٣٠

30коюу бактарды,

وَفَٰكِهَةٗ وَأَبّٗا﴿٣١

31мөмө-жемиштерди, жашылчаларды.

مَّتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ﴿٣٢

32Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп.

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ﴿٣٣

33Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде...,

يَوۡمَ يَفِرُّ ٱلۡمَرۡءُ مِنۡ أَخِيهِ﴿٣٤

34Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат.

وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ﴿٣٥

35Апасы менен атасынан дагы.

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ﴿٣٦

36Аялы менен балдарынан дагы!

لِكُلِّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٖ شَأۡنٞ يُغۡنِيهِ﴿٣٧

37(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот!

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ مُّسۡفِرَةٞ﴿٣٨

38Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып,

ضَاحِكَةٞ مُّسۡتَبۡشِرَةٞ﴿٣٩

39күлүп-жайнап, кубанычтуу!

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٞ﴿٤٠

40(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап,

تَرۡهَقُهَا قَتَرَةٌ﴿٤١

41караңгылык ороп алат!

أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَفَرَةُ ٱلۡفَجَرَةُ﴿٤٢

42Дал ошолор каапыр, шүгүрсүз адамдар![1]

RELATED SURAHS