An-Nazi'at

النازعات

Those Who Drag Forth46 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلنَّٰزِعَٰتِ غَرۡقٗا﴿١

1(Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип,

وَٱلنَّٰشِطَٰتِ نَشۡطٗا﴿٢

2(ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип,

وَٱلسَّٰبِحَٰتِ سَبۡحٗا﴿٣

3(Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип,

فَٱلسَّٰبِقَٰتِ سَبۡقٗا﴿٤

4(Аллахтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип,

فَٱلۡمُدَبِّرَٰتِ أَمۡرٗا﴿٥

5(Аллах табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын):

يَوۡمَ تَرۡجُفُ ٱلرَّاجِفَةُ﴿٦

6Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт.

تَتۡبَعُهَا ٱلرَّادِفَةُ﴿٧

7Анын артынан кийинки Сур тартылат.

قُلُوبٞ يَوۡمَئِذٖ وَاجِفَةٌ﴿٨

8Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп,

أَبۡصَٰرُهَا خَٰشِعَةٞ﴿٩

9Көздөрү жалдырап калат.

يَقُولُونَ أَءِنَّا لَمَرۡدُودُونَ فِي ٱلۡحَافِرَةِ﴿١٠

10(Каапырларга кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы,

أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمٗا نَّخِرَةٗ﴿١١

11чириген сөөк болуп калсак деле?!»

قَالُواْ تِلۡكَ إِذٗا كَرَّةٌ خَاسِرَةٞ﴿١٢

12(Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»

فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ﴿١٣

13Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу.

فَإِذَا هُم بِٱلسَّاهِرَةِ﴿١٤

14Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат!

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ﴿١٥

15Сага Мусанын кабары келди беле?

إِذۡ نَادَىٰهُ رَبُّهُۥ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوًى﴿١٦

16Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү:

ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ﴿١٧

17«Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти».

فَقُلۡ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ﴿١٨

18Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону

وَأَهۡدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخۡشَىٰ﴿١٩

19жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»

فَأَرَىٰهُ ٱلۡأٓيَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰ﴿٢٠

20(Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү.

فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ﴿٢١

21Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты.

ثُمَّ أَدۡبَرَ يَسۡعَىٰ﴿٢٢

22Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды.

فَحَشَرَ فَنَادَىٰ﴿٢٣

23жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен:

فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلۡأَعۡلَىٰ﴿٢٤

24«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди.

فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلۡأٓخِرَةِ وَٱلۡأُولَىٰٓ﴿٢٥

25Анан... Аллах аны дүйнөлүк (жаза) жана Акыреттик азап менен жазалады.

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّمَن يَخۡشَىٰٓ﴿٢٦

26Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар.

ءَأَنتُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُۚ بَنَىٰهَا﴿٢٧

27(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллах) жаратты!

رَفَعَ سَمۡكَهَا فَسَوَّىٰهَا﴿٢٨

28Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды.

وَأَغۡطَشَ لَيۡلَهَا وَأَخۡرَجَ ضُحَىٰهَا﴿٢٩

29Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды.

وَٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ﴿٣٠

30Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду.

أَخۡرَجَ مِنۡهَا مَآءَهَا وَمَرۡعَىٰهَا﴿٣١

31Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды.

وَٱلۡجِبَالَ أَرۡسَىٰهَا﴿٣٢

32Тоолорду (бекем) орнотту.

مَتَٰعٗا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ﴿٣٣

33Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп.

فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلۡكُبۡرَىٰ﴿٣٤

34Качан чоң Кыямат келсе,

يَوۡمَ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا سَعَىٰ﴿٣٥

35Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш-аракеттерин эстейт.

وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ﴿٣٦

36Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт.

فَأَمَّا مَن طَغَىٰ﴿٣٧

37Кимде-ким чектен чыккан болсо

وَءَاثَرَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا﴿٣٨

38жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо,

فَإِنَّ ٱلۡجَحِيمَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ﴿٣٩

39анын орду албетте, тозокто!

وَأَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفۡسَ عَنِ ٱلۡهَوَىٰ﴿٤٠

40Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса,

فَإِنَّ ٱلۡجَنَّةَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ﴿٤١

41анын орду албетте, бейиште!

يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرۡسَىٰهَا﴿٤٢

42(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат.

فِيمَ أَنتَ مِن ذِكۡرَىٰهَآ﴿٤٣

43Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың?!

إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ﴿٤٤

44Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү.

إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخۡشَىٰهَا﴿٤٥

45Сен болгону андан (кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң.

كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَهَا لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا عَشِيَّةً أَوۡ ضُحَىٰهَا﴿٤٦

46Алар (кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат.

RELATED SURAHS