النبأ
The Tidings • 40 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?[1]
2Улук Кабар жөнүндө.
3Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1]
4Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!
5Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.
6Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!
7Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)
8Жана Биз силерди жуп-түгөй[1] кылып жараттык.
9Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.
10Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.
11Күндүздү жашоо үчүн жараттык.
12Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,
13ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.
14Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,
15чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.
16Жана да калың бак-бостондорду.
17Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.
18Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.
19(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.
20Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!
21Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
22чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!
23Алар анда кылымдар бою турушат.
24Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.
25Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
26(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!
27Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.
28Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.
29Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.
30Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!
31Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),
32бак-бостондор, жүзүмдүктөр,
33жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,
34жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.
35Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.
36(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!
37(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.
38Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.
39Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.
40Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.