Al-Mursalat

المرسلات

Those Sent Forth50 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلۡمُرۡسَلَٰتِ عُرۡفٗا﴿١

1Ант ичемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен;

فَٱلۡعَٰصِفَٰتِ عَصۡفٗا﴿٢

2Өтө катуу жүргөн шамалдар менен;

وَٱلنَّٰشِرَٰتِ نَشۡرٗا﴿٣

3(Булуттарды Аллах каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен;

فَٱلۡفَٰرِقَٰتِ فَرۡقٗا﴿٤

4(Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Куран аяттары) менен;

فَٱلۡمُلۡقِيَٰتِ ذِكۡرًا﴿٥

5(Пайгамбарларга Аллах тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен;

عُذۡرًا أَوۡ نُذۡرًا﴿٦

6(Ал периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн.

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٞ﴿٧

7(Оо, адамдар!) силерге убада кылынган Күн[1] албетте болуучу!

فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتۡ﴿٨

8Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп,

وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتۡ﴿٩

9Асман (аңырайып) ачылып,

وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ نُسِفَتۡ﴿١٠

10Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда…

وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتۡ﴿١١

11Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде… (ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт).

لِأَيِّ يَوۡمٍ أُجِّلَتۡ﴿١٢

12(Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле?

لِيَوۡمِ ٱلۡفَصۡلِ﴿١٣

13Ажыратуу күнүнө![1]

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ﴿١٤

14(Оо, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң.[1]

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿١٥

15Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап![1]

أَلَمۡ نُهۡلِكِ ٱلۡأَوَّلِينَ﴿١٦

16Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле?![1]

ثُمَّ نُتۡبِعُهُمُ ٱلۡأٓخِرِينَ﴿١٧

17Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук!

كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ﴿١٨

18Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз.

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿١٩

19Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап!

أَلَمۡ نَخۡلُقكُّم مِّن مَّآءٖ مَّهِينٖ﴿٢٠

20(Оо, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди алсыз (бечел, бел) суудан жаратпадык беле?!

فَجَعَلۡنَٰهُ فِي قَرَارٖ مَّكِينٍ﴿٢١

21Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштурдук,

إِلَىٰ قَدَرٖ مَّعۡلُومٖ﴿٢٢

22Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин.

فَقَدَرۡنَا فَنِعۡمَ ٱلۡقَٰدِرُونَ﴿٢٣

23Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз!

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٢٤

24Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм!

أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ كِفَاتًا﴿٢٥

25Биз жерди кучактоочу кылбадык беле,

أَحۡيَآءٗ وَأَمۡوَٰتٗا﴿٢٦

26өлүктөр менен тирүүлөрдү?[1]

وَجَعَلۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ شَٰمِخَٰتٖ وَأَسۡقَيۡنَٰكُم مَّآءٗ فُرَاتٗا﴿٢٧

27Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык.[1]

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٢٨

28Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм!

ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ﴿٢٩

29(Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген тозокко жөнөгүлө!

ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ ظِلّٖ ذِي ثَلَٰثِ شُعَبٖ﴿٣٠

30Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»[1] жөнөгүлө!»

لَّا ظَلِيلٖ وَلَا يُغۡنِي مِنَ ٱللَّهَبِ﴿٣١

31(Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт!

إِنَّهَا تَرۡمِي بِشَرَرٖ كَٱلۡقَصۡرِ﴿٣٢

32Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат!

كَأَنَّهُۥ جِمَٰلَتٞ صُفۡرٞ﴿٣٣

33Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт.

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٣٤

34Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

هَٰذَا يَوۡمُ لَا يَنطِقُونَ﴿٣٥

35Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт.

وَلَا يُؤۡذَنُ لَهُمۡ فَيَعۡتَذِرُونَ﴿٣٦

36Алар үчүн актанууга да уруксат жок!

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٣٧

37Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِۖ جَمَعۡنَٰكُمۡ وَٱلۡأَوَّلِينَ﴿٣٨

38Бул – ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук.

فَإِن كَانَ لَكُمۡ كَيۡدٞ فَكِيدُونِ﴿٣٩

39Эгер (оо, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө!

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٤٠

40Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي ظِلَٰلٖ وَعُيُونٖ﴿٤١

41Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда,

وَفَوَٰكِهَ مِمَّا يَشۡتَهُونَ﴿٤٢

42Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде…

كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ﴿٤٣

43(Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»

إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ﴿٤٤

44Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз!

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٤٥

45Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо!

كُلُواْ وَتَمَتَّعُواْ قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجۡرِمُونَ﴿٤٦

46(Оо, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар!

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٤٧

47Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱرۡكَعُواْ لَا يَرۡكَعُونَ﴿٤٨

48Эгер аларга (Аллахка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт![1]

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ﴿٤٩

49Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы!

فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ﴿٥٠

50Андан (Курандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет?![1]

RELATED SURAHS