Al-Layl

الليل

The Night21 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰ﴿١

1(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант!

وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ﴿٢

2(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант!

وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ﴿٣

3Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант!

إِنَّ سَعۡيَكُمۡ لَشَتَّىٰ﴿٤

4Албетте, (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай.

فَأَمَّا مَنۡ أَعۡطَىٰ وَٱتَّقَىٰ﴿٥

5Ким (садака) берсе жана такыбалык кылса

وَصَدَّقَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ﴿٦

6жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса –

فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡيُسۡرَىٰ﴿٧

7Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз.

وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسۡتَغۡنَىٰ﴿٨

8Ал эми, ким (байлыгын Аллах жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллах бере турган соопту) “керек эмес” десе...

وَكَذَّبَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ﴿٩

9Жана ыйманды жалган десе...

فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡعُسۡرَىٰ﴿١٠

10Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз.

وَمَا يُغۡنِي عَنۡهُ مَالُهُۥٓ إِذَا تَرَدَّىٰٓ﴿١١

11(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат!

إِنَّ عَلَيۡنَا لَلۡهُدَىٰ﴿١٢

12Албетте, (адамдарды) туура жолго баштоо Бизге гана таандык иш.

وَإِنَّ لَنَا لَلۡأٓخِرَةَ وَٱلۡأُولَىٰ﴿١٣

13Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда.

فَأَنذَرۡتُكُمۡ نَارٗا تَلَظَّىٰ﴿١٤

14Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим.

لَا يَصۡلَىٰهَآ إِلَّا ٱلۡأَشۡقَى﴿١٥

15Ал отко шору каткан адам гана кирет.

ٱلَّذِي كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ﴿١٦

16Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган.

وَسَيُجَنَّبُهَا ٱلۡأَتۡقَى﴿١٧

17Андан (тозоктон) такыба киши ыраак болот.

ٱلَّذِي يُؤۡتِي مَالَهُۥ يَتَزَكَّىٰ﴿١٨

18Ал мал-мүлкүн (Аллах жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши.

وَمَا لِأَحَدٍ عِندَهُۥ مِن نِّعۡمَةٖ تُجۡزَىٰٓ﴿١٩

19Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок.[1]

إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِ ٱلۡأَعۡلَىٰ﴿٢٠

20(Ал жасай турган жакшылыктардын бардыгы) эң жогорку Раббисинин ыразычылыгы үчүн гана (жасалат).

وَلَسَوۡفَ يَرۡضَىٰ﴿٢١

21Жакында (Аллах аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот.

RELATED SURAHS