الضحى
The Morning Hours • 11 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Шашке маалына ант!
2Тынч – караңгы түнгө ант!
3(Оо, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок.
4Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак.
5Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң.
6Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?[1]
7Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап,[1] андан кийин Туура Жол көргөздү го!
8Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды.
9Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.
10Жана сураган адамга орой мамиле кылба.[1]
11Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө.[1]