القدر
The Power • 5 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Чынында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.
2Кадыр түн эмне экенин (эгер Биз үйрөтпөсөк,) сен кайдан билмек элең?![1]
3Кадыр түнү миң айдан да жакшы.
4(Анткени,) бул түнү периштелер жана Рух (Жебирейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.
5Ал таңга чейин саламаттык(тын түнү)![1]