العلق
The Clot • 19 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен![1]
2Ал инсанды уюган кандан жаратты.
3Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!
4Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.
5Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.
6Жок! Чынында, инсан чектен ашат
7өзүн бай-беймуктаж көргөндө![1]
8Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.
9Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
10намаз окуган пендеге?
11Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...
12Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…
13(Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?
14Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!
15Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!
16Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!
17Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!
18Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!
19Жок, сен ага[1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол![2]