التين
The Fig • 8 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Анжирге ант, Зайтунга ант!
2Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!
3Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант![1]
4Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.
5Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз.
6Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар.
7(Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды?
8Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?