الشرح
The Relief • 8 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1(Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?[1]
2Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.
3Ал сенин желкеңди эзип турган.
4Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.[1]
5Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
6Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
7Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
8жана Раббиңе[1] гана умтул!