البينة
The Clear Proof • 8 ayahs • Medinan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Китеп ээлеринен (яхудилер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады.[1]
2(Анык Чындык – ал) таза барактарды (Куранды) окуп берген Аллахтын элчиси.
3Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар.
4Китеп берилген элдер (яхудилер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти.[1]
5Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!
6Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!
7Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар – жаратылгандардын эң жакшысы.
8Раббисинин алдында алардын сыйлыктары – анда дайым жашоочу бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн!