Al-Muddaththir

المدثر

The Cloaked One56 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ﴿١

1Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!

قُمۡ فَأَنذِرۡ﴿٢

2Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!

وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ﴿٣

3Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]

وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ﴿٤

4Жана кийимиңди тазала![1]

وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ﴿٥

5Жана ыпластыктан ыраак бол![1]

وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ﴿٦

6Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]

وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ﴿٧

7(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!

فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ﴿٨

8Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).

فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٖ يَوۡمٌ عَسِيرٌ﴿٩

9Мына ушул күн – өтө оор күн!

عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٖ﴿١٠

10Каапырларга жеңил болбогон (күн)!

ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدٗا﴿١١

11(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]

وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالٗا مَّمۡدُودٗا﴿١٢

12Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.

وَبَنِينَ شُهُودٗا﴿١٣

13Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.

وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدٗا﴿١٤

14Жана ага өтө кененчилик бердим.

ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ﴿١٥

15Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]

كَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا﴿١٦

16Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!

سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا﴿١٧

17Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!

إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ﴿١٨

18Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]

فَقُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ﴿١٩

19Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!

ثُمَّ قُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ﴿٢٠

20Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!

ثُمَّ نَظَرَ﴿٢١

21Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү.

ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ﴿٢٢

22Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды.

ثُمَّ أَدۡبَرَ وَٱسۡتَكۡبَرَ﴿٢٣

23Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди.

فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ يُؤۡثَرُ﴿٢٤

24Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр.

إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا قَوۡلُ ٱلۡبَشَرِ﴿٢٥

25Бул - адамдын гана сөзү».

سَأُصۡلِيهِ سَقَرَ﴿٢٦

26Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин.

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سَقَرُ﴿٢٧

27(Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң.

لَا تُبۡقِي وَلَا تَذَرُ﴿٢٨

28Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт.

لَوَّاحَةٞ لِّلۡبَشَرِ﴿٢٩

29(Терини карартып,) өзгөртүп койот!

عَلَيۡهَا تِسۡعَةَ عَشَرَ﴿٣٠

30Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1]

وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ﴿٣١

31Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес.

كَلَّا وَٱلۡقَمَرِ﴿٣٢

32Жок, Мен айга ант (ичип),

وَٱلَّيۡلِ إِذۡ أَدۡبَرَ﴿٣٣

33кайтып кеткен түнгө ант (ичип),

وَٱلصُّبۡحِ إِذَآ أَسۡفَرَ﴿٣٤

34(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип),

إِنَّهَا لَإِحۡدَى ٱلۡكُبَرِ﴿٣٥

35(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1]

نَذِيرٗا لِّلۡبَشَرِ﴿٣٦

36(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү!

لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ﴿٣٧

37Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн

كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ﴿٣٨

38Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну.

إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ﴿٣٩

39Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1]

فِي جَنَّٰتٖ يَتَسَآءَلُونَ﴿٤٠

40Алар бейиштерде туруп сурашат -

عَنِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ﴿٤١

41(тозоктогу) кылмышкерлерден:

مَا سَلَكَكُمۡ فِي سَقَرَ﴿٤٢

42«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»

قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ﴿٤٣

43Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук.

وَلَمۡ نَكُ نُطۡعِمُ ٱلۡمِسۡكِينَ﴿٤٤

44Жана бей-бечараларды тамактандырбадык.

وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ﴿٤٥

45(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк.

وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ﴿٤٦

46Жана Акырет күндү жалган дедик.

حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلۡيَقِينُ﴿٤٧

47Башыбызга өлүм келгенге чейин»

فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ﴿٤٨

48Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]

فَمَا لَهُمۡ عَنِ ٱلتَّذۡكِرَةِ مُعۡرِضِينَ﴿٤٩

49Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?

كَأَنَّهُمۡ حُمُرٞ مُّسۡتَنفِرَةٞ﴿٥٠

50Жапайы эшектерге окшоп,

فَرَّتۡ مِن قَسۡوَرَةِۭ﴿٥١

51арстандан үркүп качкан?

بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفٗا مُّنَشَّرَةٗ﴿٥٢

52Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]

كَلَّاۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ﴿٥٣

53Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!

كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذۡكِرَةٞ﴿٥٤

54Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!

فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ﴿٥٥

55Ким кааласа андан сабак алат.

وَمَا يَذۡكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ هُوَ أَهۡلُ ٱلتَّقۡوَىٰ وَأَهۡلُ ٱلۡمَغۡفِرَةِ﴿٥٦

56Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!

RELATED SURAHS