المزمل
The Enshrouded One • 20 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Оо, оронуп жаткан киши!
2Түндөсү (тахажжуд намазы үчүн) тур. Түндүн бир аз гана бөлүгүндө уктасаң жетишет.
3Түн жарымда (тур) же андан да бир азга кемит(ип, үчтөн бир бөлүгүндө тур).
4Же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку![1]
5Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Куранды) түшүрөбүз.
6Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Куран окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак.
7Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар.
8(Куран окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахим” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл!
9(Аллах) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (Оо, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал![1]
10(Оо, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур.
11(Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер.[1]
12Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар!
13Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар!
14Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат!
15(Эй, Мекке каапырлары!) Биз Фараонго (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат.
16Фараон пайгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук.
17Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар?![1]
18Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллахтын) убадасы аткарылат!
19Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.[1]
20(Оо, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллах түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Курандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллах) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллахтын ырыскы – пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллах жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Куран окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллахка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллахтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллахтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу!