الجن
The Jinn • 28 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Айт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран[1] уктук.
2Ал туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!
3Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес![1]
4Чынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.
5Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.
6Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат.[1]
7Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллах эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот.
8Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк.[1]
9Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат.
10Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз.[1]
11Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.[1]
12Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллахты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.[1]
13Биз (Курандагы) туура жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт.[1]
14Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр.
15Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор!
16Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз,
17аларды сынаш үчүн.[1] Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Курандан) жүз бурса, (Аллах) аны оор азапка жолуктурат.
18(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла![1]
19Аллахтын пендеси (Мухаммад Куран окуу менен) Аллахка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды.
20Айт (оо, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”.
21Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.[1]
22(Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.[1]
23(Менин колумда) Аллах тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар). Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат![1]
24Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.[1]
25Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”.
26Кайыпты билүүчү (бир гана Аллах!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт!
27Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт.[1]
28(Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон.