Al-Qiyamah

القيامة

The Resurrection40 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ﴿١

1Мен Кыямат күнүнө ант ичип,

وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ﴿٢

2Жемелөөчү напси[1] менен ант ичип, (айтамын:)

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ﴿٣

3“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ﴿٤

4Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз![1]

بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ﴿٥

5Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,

يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ﴿٦

6(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!

فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ﴿٧

7Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.

وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ﴿٨

8Айдын нуру өчөт

وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ﴿٩

9жана Күн менен Ай бириктирилет.[1]

يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ﴿١٠

10Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!

كَلَّا لَا وَزَرَ﴿١١

11Жок! Качып бара турган орун жок!

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ﴿١٢

12Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.

يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ﴿١٣

13Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.

بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٞ﴿١٤

14Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.[1]

وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ﴿١٥

15Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).[1]

لَا تُحَرِّكۡ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعۡجَلَ بِهِۦٓ﴿١٦

16(Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе![1]

إِنَّ عَلَيۡنَا جَمۡعَهُۥ وَقُرۡءَانَهُۥ﴿١٧

17Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.

فَإِذَا قَرَأۡنَٰهُ فَٱتَّبِعۡ قُرۡءَانَهُۥ﴿١٨

18Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.

ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا بَيَانَهُۥ﴿١٩

19Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.

كَلَّا بَلۡ تُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ﴿٢٠

20Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.

وَتَذَرُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ﴿٢١

21жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.[1]

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاضِرَةٌ﴿٢٢

22Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,

إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٞ﴿٢٣

23Раббисине (үмүт менен) карап турат.

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذِۭ بَاسِرَةٞ﴿٢٤

24Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,

تَظُنُّ أَن يُفۡعَلَ بِهَا فَاقِرَةٞ﴿٢٥

25өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.

كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِيَ﴿٢٦

26Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,

وَقِيلَ مَنۡۜ رَاقٖ﴿٢٧

27«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,

وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلۡفِرَاقُ﴿٢٨

28(Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,

وَٱلۡتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ﴿٢٩

29Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمَسَاقُ﴿٣٠

30Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор![1]

فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ﴿٣١

31Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.

وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ﴿٣٢

32Бирок, «жалган» деп далысын салып койду.

ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ﴿٣٣

33Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.

أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰ﴿٣٤

34Өлүм болсун сага өлүм!

ثُمَّ أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰٓ﴿٣٥

35Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَن يُتۡرَكَ سُدًى﴿٣٦

36(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?![1]

أَلَمۡ يَكُ نُطۡفَةٗ مِّن مَّنِيّٖ يُمۡنَىٰ﴿٣٧

37Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!

ثُمَّ كَانَ عَلَقَةٗ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ﴿٣٨

38Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

فَجَعَلَ مِنۡهُ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ﴿٣٩

39Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.

أَلَيۡسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰ﴿٤٠

40Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!

RELATED SURAHS