Al-Ma'arij

المعارج

The Ascending Stairways44 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ﴿١

1(Мушриктерден) бир суроочу[1] собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -

لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ﴿٢

2– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!

مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ﴿٣

3(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин[1] ээси Аллах тарабынан (келет).

تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ﴿٤

4Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.[1]

فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا﴿٥

5(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!

إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدٗا﴿٦

6Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.

وَنَرَىٰهُ قَرِيبٗا﴿٧

7Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.

يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ﴿٨

8Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,

وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ﴿٩

9Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.

وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمٗا﴿١٠

10(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!

يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ﴿١١

11Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ﴿١٢

12аялын жана ага-инилерин,

وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ﴿١٣

13өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,

وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ يُنجِيهِ﴿١٤

14жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.

كَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ﴿١٥

15Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,

نَزَّاعَةٗ لِّلشَّوَىٰ﴿١٦

16терилерди шылып алуучу!

تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ﴿١٧

17Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди

وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ﴿١٨

18жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!

۞ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا﴿١٩

19Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.

إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعٗا﴿٢٠

20Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.

وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا﴿٢١

21Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.

إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ﴿٢٢

22Намаз окуучулар гана андай эмес.

ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ﴿٢٣

23Алар намаздарын дайым окушат.

وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ مَّعۡلُومٞ﴿٢٤

24Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,

لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ﴿٢٥

25муктаждар жана сурагандар үчүн.

وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ﴿٢٦

26Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…

وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ﴿٢٧

27Алар Раббисинин азабынан коркушат…

إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٖ﴿٢٨

28Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ﴿٢٩

29Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ﴿٣٠

30Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.

فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ﴿٣١

31Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ﴿٣٢

32Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...

وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ﴿٣٣

33Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ﴿٣٤

34Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…

أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٖ مُّكۡرَمُونَ﴿٣٥

35Алар – бейиштерде сыйлануучулар!

فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ﴿٣٦

36(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?

عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ﴿٣٧

37Оң каптал жана сол капталдан топурап?[1]

أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٖ﴿٣٨

38Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?

كَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ﴿٣٩

39Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.

فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ﴿٤٠

40Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيۡرٗا مِّنۡهُمۡ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ﴿٤١

41аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз![1]

فَذَرۡهُمۡ يَخُوضُواْ وَيَلۡعَبُواْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ﴿٤٢

42(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!

يَوۡمَ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ سِرَاعٗا كَأَنَّهُمۡ إِلَىٰ نُصُبٖ يُوفِضُونَ﴿٤٣

43(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.

خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۚ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلَّذِي كَانُواْ يُوعَدُونَ﴿٤٤

44Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!

RELATED SURAHS