الحاقة
The Inevitable • 52 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Ал – Хаакка!
2«Ал – Хаакка» дегени эмне?!
3(Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?[1]
4«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.[1]
5Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.
6Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү.
7(Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң!
8Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?!
9Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,
10Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!
11(Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.
12Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.
13Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда,[1]
14жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)
15Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.
16Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,
17жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө,[1]
18дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.[1]
19Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!
20Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»
21Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -
22– эң жогорку бейиште болот.
23Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.
24(Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»
25Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен
26жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,
27Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)
28Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!
29Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»[1]
30(Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!
31Кийин тозокко таштагыла!
32Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»[1]
33(Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.
34жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.
35Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт.
36Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)[1] болот.
37Аны күнөөлүү адамдар гана жейт.
38Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип...,
39Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын):
40«Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү!
41Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!
42Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес![1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!
43Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
44Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,
45Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.
46Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!
47Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!
48Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак.
49Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз!
50Ал каапырларга кайгы![1]
51Ал – анык Чындык!
52Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын![1]