الفرقان
The Criterion • 77 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!
2Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!
3(Мушриктер болсо) Андан (Аллах тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!
4Каапырлар (Куран жөнүндө): «Бул – жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти.
5Жана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти.
6(Оо, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Куранды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллах) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Мээримдүү».[1]
7(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө,
8же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган (мөмөлүү) бак болсо..., (бул башка кеп). Залым (каапыр) болгондор (дагы): «(Эй, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» - дешти.
9Карачы (оо, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт.
10Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) хансарайларды жасап бере ала турган Аллах Улук-Берекеттүү![1]
11Жок! (Каапырлар) Кыяматты (тап-такыр) жалганга чыгарышты! Бирок, Биз кыяматты «жалган» дегендерге тозокту даярдап койгонбуз.
12Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат.[1]
13Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат.
14Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар!
15(Ошондо, оо, Мухаммад,) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары!
16Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу.[1]
17(Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.[1]
18Алар айтышат: «Сен (Оо, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы башкаруучу-коргоочу кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!».
19(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз!
20(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы?[1] Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!
21Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.[1] Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.
22Периштелерди көргөн ошол (кыямат) күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн бейиш) тап-такыр арам!» – дешет.
23Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!
24Ошол Күнү (Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган) бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат.
25Жана ак булуттуу асман жарылган жана периштелер түшүп келген Күнү,
26Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик чексиз Ырайымдууга (Аллахка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот.
27Ал күнү залымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана!
28Шорум курусун-ай! Баланчаны[1] дос кылбай эле койсом болмок экен!
29Ал мени, мага келген зикирден (Курандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет.
30Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «Оо, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Куранды (арттарына) таштап коюшту.
31Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү!
32Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.[1]
33Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз.
34(Периштелер тарабынан) жүздөрү менен (сүйрөлүп) тозокко чогултула турган адамдар..., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар!
35Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана бир тууганы Харунду аны менен бирге: ага жардамчы кылдык.
36Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге чакыргыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фараон жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык.
37Нухтун коомун дагы пайгамбарларды[1] «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.
38Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык).
39Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган).
40Алар (Мекке мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт.
41Эгер алар сени көрүшсө, келеке кылышып: «Аллах пайгамбар кылып жиберген (баякы неме) ушулбу?
42Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)» – дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким туура жолдон адашуучурак экенин билип алышат.
43(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу?![1]
44Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак![1]
45(Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.[1]
46Кийин Биз акырындык менен аны (көлөкөнү) жыйнап алабыз.[1]
47Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды.
48Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк,
49аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн.
50Биз аны (Куран аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады.
51Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү пайгамбар жибермекпиз.[1]
52(Оо, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Куран) менен чоң жихад кыл!
53Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.[1]
54Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү.
55Алар (мушриктер) Аллахтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (шайтанга) жардамчы болду.
56Биз сени (ыймандууларга бейиштин) сүйүнүч, (Аллахка баш ийбегендерге тозоктон) эскертүү кабарын берүүчү кылып жибергенбиз.
57Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).[1]
58Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.
59Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду. Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)
60Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.[1]
61Асмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.
62Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.[1]
63Чексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.
64Алар түн ичинде[1] Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.
65Алар «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс!
66Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.
67Алар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.
68Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат.
69Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.
70Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.[1] Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.
71Жана кимде-ким тообо кылып, жакшылык иштерди кылса, ал Аллахка (Аллахтын жолуна) чындап кайтыптыр.
72Жана алар (Ырайымдуунун пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт.
73Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат.)
74Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.[1]
75Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.[1]
76Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун!
77(Оо, Мухаммад!) айткын: «Эгер (араңарда ыймандуу) дуба кылгандар болбосо, Аллах силерди (каапырларды) баалабайт. Себеби силер (динди, Куранды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада (калпка чыгаргандын жазасы) силер менен бирге болот.[1]