الشعراء
The Poets • 227 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Та. Сиим. Миим.[1]
2Булар анык китептин (Курандын) аяттары.
3(Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың![1]
4Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1]
5Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.
6Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.
7Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык.
8Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди.
9Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]
10Жана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго:
11Фараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин».
12«Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун.
13(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн.[1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер.
14Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».
15(Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз.
16Баргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз.
17Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)
18(Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!
19Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!».
20(Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин).
21Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллах мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды.
22Ал эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес.[1]
23Фараон айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?».
24«Ал - асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса).
25(Фараон) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?» - деди (Мусаны шылдыңдап).
26(Муса): «Аллах силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди.
27(Анда Фараон адамдарга) айтты: «Силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!».
28(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер».[1]
29«(Оо, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди.
30«Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?» - деди (Муса).
31«Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» - деди.
32Анан (Муса) таягын (жерге) таштады эле…, ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!
33Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле..., ошол замат көрүүчүлөргө аппак (нурдуу) болуп калды!
34«(Оо,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!» - деди (Фараон) тегерегиндеги төбөлдөргө.[1]
35«Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?».
36(Сарай эли) айтышты: «Аны менен бир тууганын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер.
37Алар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин».[1]
38Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту.
39Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы?
40Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».
41Сыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.
42«Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».
43Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».
44Алар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти.[1]
45Анан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!
46(Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)
47дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!
48Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”
49(Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын![1]
50«(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.
51Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».[1]
52Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.
53(Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.
54(Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.
55Алар биздин ачуубузду чыгарды.
56Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.
57(Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.
58(чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.
59Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.
60(Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.
61Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.
62«Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».
63Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.[1]
64Анан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.
65Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.
66Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик!
67Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.
68Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү.[1]
69(Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.
70Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди.[1]
71«Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.
72(Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?
73Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».
74«Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.
75(Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,
76силер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).
77Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)
78Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт.
79Жана Ал мени жедирет жана ичирет.
80Оорусам, Өзү мага шыпаа берет.
81Жана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет.
82Жана кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын.
83«Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун!
84Жана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын!
85Жана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!
86Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды![1]
87(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!».
88Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт.
89Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).
90Такыбалуу кишилерге бейиш жакын келтирилди.
91Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү![1]
92Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды?!
93Аллахты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!».
94Анан ага (тозокко биринин үстүнө бири) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар,
95жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери.[1]
96Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти:
97«Аллахка ант, биз анык адашууда болуптурбуз!
98Биз (эй, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине теңештириптирбиз!
99Бизди күнөөкөрлөр гана адаштырды!
100Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды![1]
101Жана бизге (пайда берчү эч бир) кадырман дос да жок!
102Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана ыймандуулардан болуп калсак!».
103Албетте бул аяттарда үлгү-сабак бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
104Чындыгында сенин Раббиң (оо, Мухаммад!) бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.
105Нухтун коому дагы пайгамбарларды[1] жалганчыга чыгарды.
106Бир кезде аларга өздөрүнөн болгон Нух (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
107Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун.
108Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
109Мен ыйманга чакырганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши.
110Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула![1]
111«Сага ыйман келтиребизби?! Сага төмөнкү катмардагы адамдар гана ээрчиген го!» - дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар).[1]
112(Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.
113Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.
114Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.
115Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн».
116«Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).[1]
117(Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!
118Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».
119Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.
120Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.
121Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.
122Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]
123Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.[1]
124Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
125Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.
126Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
127Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
128Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!
129(Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!
130Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр![1]
131Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
132Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!
133Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.
134Бактарды жана булактарды берди.
135Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!
136(Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.
137Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.
138Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».
139(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
140Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
141Самуд эли дагы пайгамбарларды[1] жалганчы кылды.
142Бир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!
143Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.
144Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
145Мен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
146Силер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,
147бактардын, булактардын ичинде?
148Эгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?[1]
149Чеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.
150Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
151Чектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!
152Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».
153(Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!
154Сен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».
155(Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.
156Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».
157Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.
158Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.
159Албетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.
160Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди.[1]
161Бир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
162Мен силерге аманаткөй пайгамбармын.
163Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
164Мен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
165(Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!
166Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».
167«Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».
168(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!
169Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».
170Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.
171Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.
172Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.
173Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман![1]
174Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.
175Чынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!
176Калың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]
177Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
178Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.
179Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
180Мен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
181(Оо, коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула!
182Туура тараза менен тарткыла!
183Адамдардын нерселерин кемитпегиле![1] Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!
184Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!
185(Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!
186Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.
187Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)
188(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.[1]
189Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады![1] Бул улук күндүн азабы болчу.
190Албетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
191Чынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
192«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».
193Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,
194сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.
195(Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).
196Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.
197Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?[1]
198Эгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк
199жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес.[1]
200Биз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.
201Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.
202Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.
203Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.
204Биздин азапты шаштырып жатышабы?
205Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,
206Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,
207ошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!
208Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.
209(Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук.[1]
210Аны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.
211Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт.[1] (Анткени:)
212Алар аны угуудан тосулуп коюлган.[1]
213(Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.
214Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!
215Өзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!
216Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.
217Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.
218Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт.
219Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).
220Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.
221(Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби?
222Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт.
223Алар (аны) угушат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.
224Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт.[1]
225Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең?
226Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат).
227Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.