الفلق
The Daybreak • 5 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:[1]
2(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,
3Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,[1]
4Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,
5Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.[1]