التكاثر
The Rivalry in Worldly Increase • 8 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1(Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду!
2Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин.
3Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар!
4Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сот-сурак учурунда) билип аласыңар!
5Андай эмес, Эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер).
6(Эми) тозокту көрүшүңөр анык!
7Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр!
8Андан соң, ошол күнү (Аллах аманатка берген) нээматтар жөнүндө албетте сураласыңар!