القارعة
The Striking Calamity • 11 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Кориьа!
2Кориьа эмне өзү?![1]
3(Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!
4Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.[1]
5Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
6Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
7ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.
8Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
9анын энеси – «Хаавия!»
10(Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.
11Ал – катуу кызытылган тозок!