An-Najm

النجم

The Star62 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ﴿١

1Батып бара жаткан жылдызга ант![1]

مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ﴿٢

2(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.

وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ﴿٣

3Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.

إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ﴿٤

4Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.

عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ﴿٥

5Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.

ذُو مِرَّةٖ فَٱسۡتَوَىٰ﴿٦

6Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү

وَهُوَ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡأَعۡلَىٰ﴿٧

7жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)[1]

ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ﴿٨

8Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди.

فَكَانَ قَابَ قَوۡسَيۡنِ أَوۡ أَدۡنَىٰ﴿٩

9Эки жаа бою же андан да жакыныраак.

فَأَوۡحَىٰٓ إِلَىٰ عَبۡدِهِۦ مَآ أَوۡحَىٰ﴿١٠

10Анан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды.

مَا كَذَبَ ٱلۡفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ﴿١١

11(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады!

أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ﴿١٢

12(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?[1]

وَلَقَدۡ رَءَاهُ نَزۡلَةً أُخۡرَىٰ﴿١٣

13(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.

عِندَ سِدۡرَةِ ٱلۡمُنتَهَىٰ﴿١٤

14«Сидратул мунтахаанын»[1] алдында.

عِندَهَا جَنَّةُ ٱلۡمَأۡوَىٰٓ﴿١٥

15«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.

إِذۡ يَغۡشَى ٱلسِّدۡرَةَ مَا يَغۡشَىٰ﴿١٦

16Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.[1]

مَا زَاغَ ٱلۡبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ﴿١٧

17(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.

لَقَدۡ رَأَىٰ مِنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ﴿١٨

18Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلۡعُزَّىٰ﴿١٩

19«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?

وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ﴿٢٠

20«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.[1]

أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلۡأُنثَىٰ﴿٢١

21Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?![1]

تِلۡكَ إِذٗا قِسۡمَةٞ ضِيزَىٰٓ﴿٢٢

22Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!

إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٞ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ﴿٢٣

23Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.

أَمۡ لِلۡإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ﴿٢٤

24Же инсан каалаганын жасай береби?!

فَلِلَّهِ ٱلۡأٓخِرَةُ وَٱلۡأُولَىٰ﴿٢٥

25Акырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык.

۞ وَكَم مِّن مَّلَكٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ﴿٢٦

26Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!

إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ تَسۡمِيَةَ ٱلۡأُنثَىٰ﴿٢٧

27Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.

وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـٔٗا﴿٢٨

28Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.

فَأَعۡرِضۡ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكۡرِنَا وَلَمۡ يُرِدۡ إِلَّا ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا﴿٢٩

29Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.

ذَٰلِكَ مَبۡلَغُهُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱهۡتَدَىٰ﴿٣٠

30Алардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.

وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ بِمَا عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ بِٱلۡحُسۡنَى﴿٣١

31Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.

ٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلۡمَغۡفِرَةِۚ هُوَ أَعۡلَمُ بِكُمۡ إِذۡ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَإِذۡ أَنتُمۡ أَجِنَّةٞ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمۡۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ﴿٣٢

32Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.[1] Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.

أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي تَوَلَّىٰ﴿٣٣

33Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?

وَأَعۡطَىٰ قَلِيلٗا وَأَكۡدَىٰٓ﴿٣٤

34Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.

أَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلۡغَيۡبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ﴿٣٥

35Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?![1]

أَمۡ لَمۡ يُنَبَّأۡ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَىٰ﴿٣٦

36Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?

وَإِبۡرَٰهِيمَ ٱلَّذِي وَفَّىٰٓ﴿٣٧

37(Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?

أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰ﴿٣٨

38(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт

وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ﴿٣٩

39Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).

وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ﴿٤٠

40Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.

ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَ ٱلۡأَوۡفَىٰ﴿٤١

41Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.

وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلۡمُنتَهَىٰ﴿٤٢

42Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضۡحَكَ وَأَبۡكَىٰ﴿٤٣

43Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحۡيَا﴿٤٤

44Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.

وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰ﴿٤٥

45Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.

مِن نُّطۡفَةٍ إِذَا تُمۡنَىٰ﴿٤٦

46(Жатындарга) атырылган бел суудан!

وَأَنَّ عَلَيۡهِ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰ﴿٤٧

47Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغۡنَىٰ وَأَقۡنَىٰ﴿٤٨

48Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.

وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعۡرَىٰ﴿٤٩

49(Мушриктер сыйынган) Шиъранын[1] Раббиси да Анын Өзү.

وَأَنَّهُۥٓ أَهۡلَكَ عَادًا ٱلۡأُولَىٰ﴿٥٠

50Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.

وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبۡقَىٰ﴿٥١

51Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай.

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ هُمۡ أَظۡلَمَ وَأَطۡغَىٰ﴿٥٢

52Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.

وَٱلۡمُؤۡتَفِكَةَ أَهۡوَىٰ﴿٥٣

53«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).

فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ﴿٥٤

54Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ﴿٥٥

55Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?

هَٰذَا نَذِيرٞ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلۡأُولَىٰٓ﴿٥٦

56Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.[1]

أَزِفَتِ ٱلۡأٓزِفَةُ﴿٥٧

57Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды.

لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ﴿٥٨

58Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.

أَفَمِنۡ هَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ تَعۡجَبُونَ﴿٥٩

59Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!

وَتَضۡحَكُونَ وَلَا تَبۡكُونَ﴿٦٠

60(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!

وَأَنتُمۡ سَٰمِدُونَ﴿٦١

61Силер (ага) көңүл бурбадыңар.

فَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ وَٱعۡبُدُواْ۩﴿٦٢

62Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!

RELATED SURAHS