Adh-Dhariyat

الذاريات

The Scattering Winds60 ayahsMeccan

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلذَّٰرِيَٰتِ ذَرۡوٗا﴿١

1(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!

فَٱلۡحَٰمِلَٰتِ وِقۡرٗا﴿٢

2Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!

فَٱلۡجَٰرِيَٰتِ يُسۡرٗا﴿٣

3Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!

فَٱلۡمُقَسِّمَٰتِ أَمۡرًا﴿٤

4(Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٞ﴿٥

5(Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе[1] – бул чындык!

وَإِنَّ ٱلدِّينَ لَوَٰقِعٞ﴿٦

6Жана Кыямат сөзсүз болуучу!

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡحُبُكِ﴿٧

7Кооз-көркөм асманга ант!

إِنَّكُمۡ لَفِي قَوۡلٖ مُّخۡتَلِفٖ﴿٨

8(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).

يُؤۡفَكُ عَنۡهُ مَنۡ أُفِكَ﴿٩

9Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.

قُتِلَ ٱلۡخَرَّٰصُونَ﴿١٠

10Жалганчыларга өлүм!

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي غَمۡرَةٖ سَاهُونَ﴿١١

11Алар наадандык толкундарында адашкандар!

يَسۡـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلدِّينِ﴿١٢

12(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.

يَوۡمَ هُمۡ عَلَى ٱلنَّارِ يُفۡتَنُونَ﴿١٣

13Ал Күнү тозокто азап тартышат!

ذُوقُواْ فِتۡنَتَكُمۡ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ﴿١٤

14(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ﴿١٥

15(Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,

ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُحۡسِنِينَ﴿١٦

16Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.

كَانُواْ قَلِيلٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مَا يَهۡجَعُونَ﴿١٧

17Алар түндөсү бир аз эле укташкан.

وَبِٱلۡأَسۡحَارِ هُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ﴿١٨

18Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.[1]

وَفِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ﴿١٩

19Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын[1] акысы болгон.

وَفِي ٱلۡأَرۡضِ ءَايَٰتٞ لِّلۡمُوقِنِينَ﴿٢٠

20Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.

وَفِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ﴿٢١

21Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?

وَفِي ٱلسَّمَآءِ رِزۡقُكُمۡ وَمَا تُوعَدُونَ﴿٢٢

22Асманда силердин ырыскыңар[1] жана силерге убада кылынган нерселер бар.

فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِنَّهُۥ لَحَقّٞ مِّثۡلَ مَآ أَنَّكُمۡ تَنطِقُونَ﴿٢٣

23Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ﴿٢٤

24(Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗاۖ قَالَ سَلَٰمٞ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ﴿٢٥

25Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.

فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجۡلٖ سَمِينٖ﴿٢٦

26Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.

فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيۡهِمۡ قَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ﴿٢٧

27Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.

فَأَوۡجَسَ مِنۡهُمۡ خِيفَةٗۖ قَالُواْ لَا تَخَفۡۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ﴿٢٨

28Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.

فَأَقۡبَلَتِ ٱمۡرَأَتُهُۥ فِي صَرَّةٖ فَصَكَّتۡ وَجۡهَهَا وَقَالَتۡ عَجُوزٌ عَقِيمٞ﴿٢٩

29Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».

قَالُواْ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡعَلِيمُ﴿٣٠

30«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер).

۞ قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ﴿٣١

31«Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)

قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ﴿٣٢

32(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.

لِنُرۡسِلَ عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن طِينٖ﴿٣٣

33Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,

مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلۡمُسۡرِفِينَ﴿٣٤

34Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.

فَأَخۡرَجۡنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴿٣٥

35Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.

فَمَا وَجَدۡنَا فِيهَا غَيۡرَ بَيۡتٖ مِّنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ﴿٣٦

36Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн[1] башка мусулмандарды таппадык.

وَتَرَكۡنَا فِيهَآ ءَايَةٗ لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ﴿٣٧

37Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.

وَفِي مُوسَىٰٓ إِذۡ أَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ﴿٣٨

38Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...

فَتَوَلَّىٰ بِرُكۡنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٞ﴿٣٩

39(Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.

فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٞ﴿٤٠

40Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.

وَفِي عَادٍ إِذۡ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلۡعَقِيمَ﴿٤١

41Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр[1] шамалды жибердик.

مَا تَذَرُ مِن شَيۡءٍ أَتَتۡ عَلَيۡهِ إِلَّا جَعَلَتۡهُ كَٱلرَّمِيمِ﴿٤٢

42Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.

وَفِي ثَمُودَ إِذۡ قِيلَ لَهُمۡ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٖ﴿٤٣

43Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.[1]

فَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمۡ يَنظُرُونَ﴿٤٤

44Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады![1]

فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مِن قِيَامٖ وَمَا كَانُواْ مُنتَصِرِينَ﴿٤٥

45(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ﴿٤٦

46Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيۡنَٰهَا بِأَيۡيْدٖ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ﴿٤٧

47Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.

وَٱلۡأَرۡضَ فَرَشۡنَٰهَا فَنِعۡمَ ٱلۡمَٰهِدُونَ﴿٤٨

48Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!

وَمِن كُلِّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَا زَوۡجَيۡنِ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ﴿٤٩

49Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!

فَفِرُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ﴿٥٠

50(Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!

وَلَا تَجۡعَلُواْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ﴿٥١

51Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!

كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُواْ سَاحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٌ﴿٥٢

52Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.

أَتَوَاصَوۡاْ بِهِۦۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ طَاغُونَ﴿٥٣

53Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٖ﴿٥٤

54(Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.

وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ﴿٥٥

55Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.

وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ﴿٥٦

56Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.[1]

مَآ أُرِيدُ مِنۡهُم مِّن رِّزۡقٖ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطۡعِمُونِ﴿٥٧

57Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.[1]

إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلۡقُوَّةِ ٱلۡمَتِينُ﴿٥٨

58Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.

فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذَنُوبٗا مِّثۡلَ ذَنُوبِ أَصۡحَٰبِهِمۡ فَلَا يَسۡتَعۡجِلُونِ﴿٥٩

59Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!

فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن يَوۡمِهِمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ﴿٦٠

60Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!

RELATED SURAHS