قريش
Quraysh • 4 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Курайштын ынтымагы үчүн![1]
2Кыш жана жай мезгилиндеги сапарында алардын ынтымак-тынчтыгы үчүн!
3Эми, алар (ар кандай таш-кудай, жыгач-кудайларын таштап, өздөрүнө ынтымак жашоо тартуулаган) ушул Үйдүн (Каабанын) Раббисине гана ибадат кылышсын!
4Ал (Рабби) каатчылыкта аларды тамактандырды жана коркунуч(тар)дан аман сактады!