الروم
The Romans • 60 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Алиф, Лаам, Миим.[1]
2Рум (Персиядан) жеңилди.[1]
3Эң жакын жерде. Жана алар (Румдук аскерлер) жеңилгенден соң тез арада дагы жеңишке жетет.[1]
4Бир нече жылдарда. Мындан мурун да, кийин да иш Аллахтын колунда. Ошол (Рум жеңген) күндө ыймандуулар сүйүнүшөт.[1]
5Аллах Өзүнүн жардамы менен каалаган пенделерине жеңиш берет. Ал Кудуреттүү, Ырайымдуу.
6(Бул – ) Аллахтын убадасы. Аллах (эч качан) убадасын аткарбай койбойт. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
7Алар (көпчүлүк адамдар) дүйнө жашоосун үстүртөн эле билишет. Бирок, акырет жөнүндө эч нерсе билишпейт.[1]
8Алар өздөрү жөнүндө ойлонушпайбы?! Аллах асмандар менен жерди жана ал экөөнүн арасындагыларды (беймаксат эмес) акыйкат менен убактылуу мөөнөткө гана жаратты. Бирок, адамдардан көпчүлүктөрү Раббилерине жолугууга (жана бул сыноо дүйнө жашоосунан эсеп берүүгө) ишенишпейт.
9Алар жер жүзүн кезип, өздөрүнөн мурда жашагандардын акыбети кандай болгонун көрүшпөйбү?[1] Алар булардан (азыркы каапырлардан) күч-кубаттуураак болушкан, жерде көбүрөөк из калтырышкан. Жана буларга караганда көбүрөөк (жакшыраак) гүлдөтүшкөн. Кийин аларга пайгамбарлары (Аллахтын) анык аят-далилдерин алып келген. Аларга Аллах зулум кылбады. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
10Кийин жамандык (күнөө иш) жасагандардын акыбети аябай жаман болду! Себеби, алар Аллахтын аяттарын «жалган» дешкен жана аларды (аяттарды) шылдың кылышкан.
11Аллах жан-жартылышты биринчи ирет жоктон бар кылган. Кийин аларды (дүйнөдө жашатып, өлтүргөн соң) кайрадан экинчи ирет жаратат. Кийин Анын Өзүнө кайтарыласыңар.
12Кыямат кайым болгон күнү күнөөкөр адамдар (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болушат.
13Алардын (Аллахка) шерик кылган «кудайлары» аларга шапаатчы (күнөөлөрүн жеңилдетүүчү) болбой калат. Жана (кийин) алар өз «кудайларына» каапыр (каршы) болушат.[1]
14Жана кыямат күнү, ошол күнү алар (каапырлар тозокко, ыймандуулар бейишке) бөлүнүп кетишет.
15Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган адамдар (бейиш) бактарда кубанычка бөлөнүп, сыйланышат.
16Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызга жана акыреттеги (Аллах менен) жолгушууга ишенбеген адамдар, ошолор азапта калуучулар.
17Түнгө кирип баратканда жана таңды утурлай Аллахга тасбих[1] айткыла (аруулагыла)!
18Асмандар менен жерде, дигер жана бешим мезгилдеринде[1] бардык мактоо - Аллахка гана! (айтылсын).
19(Аллах) өлүктөн тирүүнү чыгарып, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана жерди өлгөндөн соң кайра (жамгыр менен) тирилтет. (Анан ал өлүк жерден өсүмдүктөр өнүп чыгат) Силер дагы (акыретте мүрзөлөрдөн) ушул (өсүмдүктөр) сыяктуу чыгарыласыңар.
20Силерди топурактан жараткандыгы жана адамга айланып (жер бетине) таралганыңар Анын (кудуретинин) белгилеринен.
21Жана Анын белгилеринен – алар менен тынч-бейпил болууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени[1] жана араңарга сүйүү, мээрим салып койгону. Чынында бул нерселерде пикир кылган адамдар үчүн (даанышмандыгыбыздын) белгилер(и) бар.
22Жана Анын белгилеринен: Асмандар менен жерди жаратканы, силердин тилиңерди, ыраң-түсүңөрдү ар түрдүү кылып койгону. Албетте буларда билимдүүлөр үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
23Жана Анын белгилеринен (бири) силердин түн ичинде жана күндүз(дүн бир бөлүгүндө) укташыңар. Жана (күндүздүн көп бөлүгүндө) Аллахтын жакшылыктарын издешиңер (тиричилик кылышыңар). Чынында, ушул нерседе да уга турган адамдарга белгилер бар.
24Жана Анын белгилеринен: (чагылгандын оту түшүүсүнөн) коркуп, жамгырдан) үмүт кылышыңар үчүн[1] силерге чагылганды көргөзөт. Жана Ал (силерге) асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди өлгөндөн[2] соң тирилтет. Албетте мында акыл жүгүрткөн адамдар үчүн белгилер бар.
25Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн).
26Асмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет.
27Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман.
28Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силердин кулдарыңар силер менен бирдей шерик болуусуна ыраазы болосуңарбы? (Жок) Силер алардын (мал-мүлкүңөргө шериктеш болуусунан) башка бир эркин адам (жок жерден эле шериктеш болуп калуусунан) корккондой коркосуңар. Биз акыл жүгүрткөн адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
29Жок! Залымдар илимсиздиктен улам напси каалоолорун ээрчишти. Аллах адаштырганды ким туура жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок!
30(Оо, Мухаммад!) Ислам динине[1] баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт.
31Ага (тообо менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула!
32Диндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир топ (биз гана туура жолдобуз деп) өздөрүндө болгон нерселер менен гана кубанышат.[1]
33Качан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат.
34Алар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер!
35Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?!
36Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт.
37Эмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар.
38Эми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет.
39Адамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар.
40Силерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик!
41Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар!
42Айткын: «(Эй, каапырлар!) жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллахка) шерик кошуучу болушкан».
43Эми, сен (оо, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (кыямат) Аллах тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат.
44Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшылык иштерди кылса, өздөрүнө (бейишти) даярдаптыр.
45Ыйман келтирип жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында Ал каапырларды сүйбөйт.
46Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): Ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын жакшылыктарынан үмүт кылышыңар үчүн (жамгырдын жаашын) сүйүнчүлөөгө шамалдарды жибериши.[1] Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.
47Биз (оо, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү – Биздин милдет болгон.
48Аллах шамалдарды жиберип булуттарды козгойт. Анан (Аллах) аларды асманда Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллах) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, күтүлбөгөн жерден сүйүнүп калышат.
49Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты).
50Эми сен (оо, адам) Аллахтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Акыйкатта, Ал (Аллах) өлүктөрдү да албетте тирилтет! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!
51Ал эми Биз (эгиндерине зыян келтирген) шамал жиберип, алардын саргайып (куурап) калганын көргөндө, (Аллахка) каапыр болуп калышат.
52(Оо, пайгамбар!) Чынында сен өлүктөргө (сөзүңдү) угуза албайсың. ошондой эле артын салып кетип бараткан (акыйкатты угуудан) керең болгондорго чакырыгыңды угуза албайсың.
53(Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.
54Аллах силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук)тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал - Билимдүү, Кудуреттүү.
55Саат (кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) аз гана убакыт (жашап) турдук» – деп ант ичишет. Алар (дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болушкан.
56Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Чындыгында Аллах (тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул – кайра тирилүү күнү. Бирок, силер билбейт (ишенбейт) элеңер».
57Ал күндө залымдарга шылтоолору[1] пайда бербейт жана алардан (тообо менен Аллахты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт.
58Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет.
59Ошентип, Аллах (чындыкты) билбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басат.
60(Оо, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллахтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) ишенбегендер сени (жеңил ойлуулукка) түрпөсүн![1]