الهمزة
The Gossipmonger • 9 ayahs • Meccan
بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
1Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун!
2Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди.
3Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт.
4Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат!
5(Оо, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң.
6(Ал) Аллахтын алоолонгон тозогу,
7(Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган!
8Чынында, ал (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган.
9(Эшиктери) узун устундарда (бекемделген).